Коом

Акылдуу адамдар эмнеси менен айырмаланат

Reddit порталынын пайдалануучулары, алардын пикири боюнча, акылдуу адамдарга мүнөздүү касиеттер кандай болоорун айтышкан, деп билдирген РИА Новости маалымат агенттиги.

Пайдалануучулардын пикири боюнча, акылдуу адамдын бир касиети — өзүнүн компетенциясы, билими жетпеген тармактарга кийлигишпейт. Бир сөз менен айтканда, акылдуу адам, өзүнүн билими чектелүү жана жеткиликтүү эмес экенин эң сонун түшүнө билет.  

Hynija деген никтүү пайдалануучу, акылдуу адамдар көбүнэсе нюанстарга чоң көңүл бөлүшөт дейт. Анын пикирине калган пайдалануучулар да кошулушкан. Алардын пикири боюнча, акылдуу адам бир тараптуу радикалдуу ойлорду айтуудан качат. Бир нерсени түшүндүрүп жатканда, “көпчүлүк учурда”, “адаттан тышкаары  учурларды эске алганда” деген сыяктуу фразаларды көп колдонушат.

Пайдалануучулар, акылдуу адамдар сынды кабыл ала билишээрин, ошондой эле тигил же бул маселе боюнча, алардын көз карашын өзгөртө турган фактылар менен пикирлерге өзгөчө көңүл бөлүшөөрүн белгилешет.

Эгерде аргументтер жеткиликтүү болсо, анда акылдуу адамдар өздөрүнүн жаңылып жатканын моюнга ала билишет. Мындан сырткаары, акылдуу адамдар кырдаалга бир тараптуу эмес, ар кайсы жактан карап, баа бере алышат, дейт,  комментаторлордун бирөө.

Дагы бир пайдалануучу, акылдуу адам, өтүп жаткан процесстердин мыйзамченемдүүлүгүн эң мыкты түшүнө алат дейт. Өз бет алдынча  фактыларды алар бир системага сала алышкандыктан, терең тыянактарды чыгара билишет.

McLovinRussia белгилегендей, акылдуу болуу — «дарактардын ары жагында токой бар экенин көрө билүү» тубаса жөндөмдүүлүгү менен төрөлүү дейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button