Саясат

ВИДЕО. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар “Дастансыз парламент” аттуу акцияга чыгышты

11-августта Ак үйдүн алдында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар “Дастансыз парламент ” деген плакаттарды көтөрүп,  нааразычылык акциясына  митингге чыгышты.

Жогорку кеңештин депутаты Дастан Бекешовду 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого  катышуусуна каршы чыгышууда. Мында келген катышуучулар депутат Бекешовдун атына жазылган плакаттарды жерге таштап, тебелеп жатышты.

Митингдин катышуучусу Жумабүбү Мамырбаева:

-Бекешовду биз он жыл мурда шайлаганбыз. Ал бизге окшогон майыптардын укугун коргойт экен, биз үчүн мыйзамдарды жазат экен, бизге жардам берет экен деп ойлогон  элек. Бирок андай болгон жок. Он жыл эмнеге отурду, биз каршыбыз, ошондуктан келдим. Азыр партиялар аны алышпасын, эгер партиялар алышса ошол партияны Бекешов үчүн шайлабайбыз”- деди.

Дастан Бекешов “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунан депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлгөн. Бирок депутат болгон соң майыптардын кызыкчылыктарын, социалдык, турак-жай маселелерин чечкен эмес деп айтышууда митингдин катышуучулары.

Митингдин катышуучусу Замир Аданов:

-Депутат болгуча көптөгөн убадаларды берип, мен дагы майыпмын силердин араңарда, силердин кызыкчылыгыңарды  козгоп,  көтөрөм деп бизге убада берип кеткен. Бирок тилекке каршы өзү депутаттык мандатын алгандан кийин коомчулуктун ичинде бара-бара ар кандай интригаларды жүргүзө баштады.  Биздин коомубуздун ичинде төңкөрүш кылып, биздин мурунку жакшы иштеп жаткан төрагабызды ордунан алып түшүп, ал жерге өзүнүн адамдарын коюп,  ушул сыяктуу саясаттар менен гана аралашып калды,- деди.

Дастан Бекешов “Дүлөйлөр жана азиздер” коомунда ар кандай иштерди  жүргүзүп, коомдун төрагасын  иштен алдыртып, өзүнүн жакын адамын  да жетекчи кылганын да айтышты митингдин катышуучулары.

Ага каршы сөз айткан адамдарды укук коргоо органдары аркылуу басым кылчу дешет.

Бул видеодон митингди көрө аласыздар:

Видео 7-каналга тиешелүү

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button