Коом

Кыргызстанга вирус Кытайдан кирген эмес, башка беш өлкөдөн киргени аныкталды

Үстүбүздөгү жылдын апрель, май айларындагы карантин учурунда Кыргызстанга беш мамлекеттен вирус кирген. Бул боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык сыноолор борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди.

Анын айтымында Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) “Вектор” референс-лабораториясында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкты.

“2020-жылы 25-майда карантин учурунда ордо калаадагы клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасына түшкөн жарандардан алынып, коронавирус инфекциясына оң жыйынтык көрсөткөн 20 даана биоматериалды топтоп, Россиядагы “Вектор” референс-лабораториясына жибердик. Бул изилдөөнүн максаты – Кыргызстандагы вирустун таржымалын аныктоо болчу. Илимий изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, кайсы мамлекеттен Кыргызстанга вирус киргени аныкталды”, – дейт ал.

Алар үч топко бөлүнөт:

Швеция, Россия Федерациясы.

Швеция, АКШ, Бириккен Араб Эмираттары.

Оман.

Ушул мамлекеттерден келген геном Кыргызстанда басымдуулук кылаары аныкталган.

Эң кызыгы таажы вирусунун мекени – коңшу Кытайда байкалган геном Кыргызстанда карантиндик эрежелер сакталган учурда аныкталган эмес. Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 40 759 болду, ал эми  бул илдеттен каза болгондор 1 482ге жетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button