Коом

Шайлоо жакындаган сайын Чыпалак баатырга улам бир партия телефон чалып, тажатканын айтты

Элди эриктирбей, өзгөчө жазган стили, чыпалагы менен коомчулукка таанылган айтылуу Зарылбек Аликенов (Чыпалак Баатыр) бар.

Ал да башкалардай болуп шайлоо жакындаган сайын саясаттан үн ката баштады.

Чыпалак Баатыр  аны тажатып улам бир партия  чакырып жатканын  фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Оо, улуу элдерим, канат-фанат солдаттарым, бүт чет өлкөдө жүргөн мени тааныган досторум, түшүнүктүү болуп, ынтымактуу бололу ээ. Мындай куулукка салып, өздөрү чалынган лапшагонский партияларга азыртадан ишене көрбөгүлө демекчимин ээ. Акча жагына ишене көрбөгүлө, ала көрбөгүлө, патриот болуп ээ.

Тажатты лапшагон саясый партиялар, тажатышты. Кечке чалып, офиске кел, чайга сыйлайбыз, бизге  кошул Чыпалак баатыр, бизде сонун, биздин партия кыйратат бүт жакты деп, куулук салып  жатышат демекчимин” деп жазды.

Чыпалак баатырды кайсыл саясый партия чакырып жатканын жазган жок. Бирок анын бул пикирине ар кандай  пикир калтыруулар болду.

Пикир калтыргандардын арасында “Сага күнү түшкөн партиялар катыгүн экен” деп жазгандар да болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button