Коом

Эмне үчүн колледжде билим алууну тандоо керек. Адистин пикири

Азрыкы учурда Кыргызстанда кабыл алуунун экинчи туру башталды жана 25-августка чейин уланат.

Онлайн кабыл алуунун I турунун жыйынтыгы боюнча колледждерге окууга өтүнмөлөрдү 22 миңден ашуун адам тапшырган.

Кыргызстанда орто кесиптик билим берүүгө кызыгуу жылдан жылга өсүүдө. Эгерде 10 жыл мурда өлкөнүн колледждеринде 31 миңдей студент билим алган болсо, бүгүнкү күндө 129 адистик боюнча 92 миңге жакын адам окуйт.

2017-жылдан тартып Азия өнүктүрүү банкынын «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында орто кесиптик билим берүү системасында окутуу жана окуу чөйрөсүнүн сапатын жакшыртууга, экономиканын тармактары менен кызматташууну кеңейтүүгө жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган инновациялык ыкмаларды пилоттоо ишке ашырылууда.

Салия Сейдахматова

«Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун адиси Салия Сейдахматованын айтуусу боюнча эмгек рыногундагы жаңы дүйнөлүк тенденцияларга байланыштуу орто кесиптик звенонун адистерине карата суроо-талап өсүүдө.

— Колледж  менен жогорку окуу жайдын ортосунда тандоодо эмнеден баштоо керек?

-Биринчи кезекте каякка тапшырууну чечүүдөн мурда мен эмне менен алек болууну каалайм жана эмнени жакшы жасай алам деп элестетүү керек, башкача айтканда өзүнүн эмнеге шыктуу экендигин аныктоо зарыл. Андан кийин заманбап эмгек рыногунда кандай кесиптер суроо-талапка ээ же жакынкы келечекте суроо-талапке ээ болорун билүү керек. Жана үчүнчүсү – билим берүү таректориясын тандоо зарыл. Эгерде практикалык көндүмдөрдү тезирээк өздөштүрүүнү, кесиптик өнүгүүнү кааласаңыз, колледжге тапшыруу жөнүндө ойлонгон жакшыраак.

Тилекке каршы, коомдо 9-класстан кийин мектептик программаны өздөштүрүүгө алы жетпегендер мектептен кетишет деген стереотип дагы да болсо бар. Чындыгында, студенттер колледжде да мектептик предметтерди өздөштүрүшөт, ошол эле учурда алар адистикти да өздөштүрүп башташат. Андан ары колледжде адистикке ээ болуу менен алар каалоосу боюнча жогорку окуу жайда билим алууну уланта алышат. Мында колледждин бүтүрүүчүсү мектепти аяктаган өзүнүн курдаштарына салыштырмалуу өндүрүштө иштеп көрүүсү, адистик туура тандалгандыгын түшүнүүсү маанилүү болуп саналат.

— Сиз жождо жана окождо окутуунун сапаты жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

-Колледждердин программалары орточо деңгээлдеги адистерге багытталгандыгын жана ЖОЖдун программасы менен атаандашпашы керек экендигин белгилей кетүү керек. Бирок, ошол эле учурда колледждин студенти жумуш ордунда колдонуучу практикалык жана адистештирилген билимдерге жана көндүмдөргө ээ болот. Албетте ал үчүн колледждер сунуштаган билим берүүнүн сапатын дайыма жогорулатып туруу зарыл. Биздин долбоордун алкагында, мисалы, жумуш ордунда окутуу, иш берүүчүлөр менен өнөктөштүктө ишкердик көндүмдөрүнө кошумча окутуу ишке киргизилет. Бул бүтүрүүчүгө кааласа өз ишин баштоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, пилоттук колледждерди каржылоону башкаруу системасын жакшыртуу пландалууда.

Заманбап кесиптик билим берүү программалары ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эмгек рыногунда суроо-талапка ээ реалдуу эмгек көндүмдөрүнө ээ болуу үчүн жана кандай болбосун куракта кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүк берет.

— Дагы кандай артыкчылыктарды атай аласыз?

-Маанилүү артыкчылык болуп окутуунун мөөнөтү саналат. Колледждердеги окуу программасы колледждин студенти эки-үч жылдын ичинде мектептик программа менен бирге кесипке ээ болгондой түзүлгөн, бул студенттин жөндөмдөрүнө, артыкчылыктарына жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өзүнүн андан ары жашоосун куруунун кеңири вариацияларынын спектрин берет.

Колледжде окутуунун наркы окууну каалаган адамдардын көбү үчүн жеткиликтүү болгондугу да абдан маанилүү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button