Дүйнө
Дарига Назарбаева элге кайрылуу жасады

Казакстан сенатынын экс-төрайымы Дарига Назарбаева уулунан айрылгандан кийин казак коомчулугуна кайрылуу жасады.
Текст өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий сайтына жайгаштырылган.
«Айсултаныбыздан ажырап калганыбызга күйүп турабыз. Ушундай оор учурда коомчулук абалыбызды түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөм», — деп айтылат кайрылууда.
Эскерте кетсек, Айсултан Назарбаев 16-август күнү каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча маркумдун жүрөгү токтоп калган. Энеси Дарига Назарбаева да өлүмдүн себеби тууралуу унчуккан жок.



