Окуялар

Аялдарын сабаган күйөөлөр кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 29-30-июль күндөрү Кадамжай районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка эки жаран кабылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынын кызматкери Нурлан Даминов билдирди.

Анын маалыматына караганда, 29-июлда Кадамжай шаарынын тургуну балдар ойноочу аянтчада коомдук тартипти бузуп, мыйзамдуу никедеги аялын маданиятсыз сөздөр менен урушуп, денесине залал келтирген. Натыйжада жабырлануучу денесинен жараат алып, Кадамжай аймактык ооруканасына кайрылган.

Ошондой эле,  ушул сыяктуу  факты 30-июлда Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында дагы  катталган. Анда Халмион айылынын 36 жаштагы тургуну мас абалында өз аялын  сабап денесине залал келтирген. Катталган эки окуя тең Кадамжай РИИБнын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү  реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесине (Үй-бүлөөдөгү зомбулук)  ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүштү  баштаган.

Жубайларына  зомбулук көрсөткөн эки жаран тең Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Кадамжай РИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, Кадамжай райондук соту тарабынын тергөө амалдары аяктаганга чейин, шектүүлөргө карата “Башка жака кетпоо” бөгөт коюу чарасы колдонулуп тил кат алынган. Окуя боюнча жабыр тарткан эки жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button