Дүйнө

(Фото) Белоруссияда күч органдары нааразылык акциясына чыккандарды аёосуз сабашууда

Белоруссияда беш күндөн бери, президенттик шайлоодо добуштарды фальсификация кылган президент Александра Лукашенконун режимине каршы нааразылык акциялары уланып жатат. Бешинчи түнү гана, Белорусь бийлиги эл СИЗОлорго батпай калгандыктан, камалган алты миң кишини чекесинен чыгарууга мажубур болууда. Тергөө абагынан чыккандардын жанчылган, сабалган денесин көргөндө буркурап ыйлоого мажбур болосуң, деп жазды 14-августта РБК-Украина.

Күч органдары жергиликтүү кишилерди кордоп, таяк менен аеосуз сабашып, өлтүрөбүз деп коркутушууда.

Соцжеледе нааразылык акциясына чыгып сабалышкандардын фотосу тарады. Аларды Nexta Live Telegram-каналы жарыялаган.

Ошол эле учурда Белоруссиянын ички иштер министринин орун басары Александр «Хряк» Барсуков «эч кандай кордоо болгон эмес», деп танды.

Төмөндө Белоруссиянын ОМОНу аесуз сабаган адамдардын фотолорун көрөсүңөр.

Фото: Telegram/Nexta Live)
Фото: Telegram/Nexta Live)
Фото: Telegram/Nexta Live)
Фото: Telegram/Nexta Live)

Фото: Telegram/Nexta Live)

Тергөө абагынан чыккандар, камералардагы адам чыдагыс абал жөнүндө айтып берип жатышат. Тамак да, суу да бербей кыйнашып, ойлорунча кордошуп, азыркы бийликке каршы митингдерге чыкпайсыңар деген шарт менен гана бошотушканын айтышууда.

Эсиңерге сала кетсек, үч күндөн бери Белоруссияда жалпы иш таштоо жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button