Белоруссиянын күч органдарынын кызматкерлери формаларын таштандыга ыргыта башташты

Отставкадагы жана азыр да кызматта иштеп жатышкан күч органдарынын өкүлдөрү кызматташтарын эл алдында уяткара башташты, деп жазды Лента.ру 16-августта.
Эсиңерге сала кетсек, 9-августта Белоруссияда президенттик шайлоо өтүп, Александр Лукашенконун кол алдындагылар анын пайдасына добуштарды фальсификация кылгандан кийин, нааразылык акциялары бүтүндөй өлкөнү каптаган. Протестке чыккандарга каршы Лукашенко күч органдарын — милиция менен армияны пайдаланып жатат. ОМОН жана милициянын кызматкерлери нааразылык акциясына катышып жаткандарды кызылжаян кылып аесуз сабашып, убактылуу төргөөчү жайларга алып барып камап жатышат. Бүгүнкү күнгө карата 7 миңден ашуун киши убактылуу тергөөчү жайларда камакта.
Ал эми күч органдарынын мурдагы жана азыркы өкүлдөрү формаларын, ал түгүл өзгөчө белгилерин (знаки отличия) жулуп алып ыргытып жатышкандарын видеолорго тартып, эл алдында абийирибиз төгүлүп жатат, дешип интернетте таратып жатышат. Кыязы бул Логойскалык атайын бөлүктүн (спецназ) жоокеринен башталды: жаш жигит Минскидеги митингди сабап таратууга катышкан соң, мындайды көргөндөн кийин кызмат кылып атканына эч кандай сыймыктанбай турганын айтып, формасын чечип туруп таштанды таштоочу контейнерге ыргытып жиберген.
Ушундан соң Telegramда флешмоб башталды. Кимдир бирөөлөр формасын жөн эле чечип ыргытып же унитазга өзгөчө белгилерин салып жатса, кээ бирлери кызматташтарын «абийирден кетирчү» буйруктарды аткарышканы үчүн уяткарып жатышат. Мурда ички иштер министрлигинин жоокерлеринин катарында кызмат өтөгөн, участкалык милиционер Сергей, видеокайрылуусун өз балдарына карата жасаган: алар менен бирдикте «Уят!» деген сөздү айтып, форма-көйнөгүнүн жана фуражкасынын өзгөчө белгилерин жулуп алып таштандыга ыргыткан.



