Коронавирус. Акыркы суткада 211 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду

Бүгүн Кыргызстанда 355 адам коронавирустан айыгып, үйүнө чыкканын Республикалык штаб кабарлады. Муну менен республикада оорудан сакайып кеткендердин саны 34 306 адамга жетти. Акыркы суткада Кыргызстан боюнча дагы 211 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Аймактар боюнча карай келгенде көрсөткүч төмөнкүдөй:
Бишкек ш. — 46;
Ош – 14;
Чүй облусу – 19;
Ош облусу — 26;
Талас облусу – 7;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 47;
Жалал-Абад облусу – 27;
Баткен облусу — 22.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 41 856 кишиге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан дагы эки бейтап каза болду. Каза болгондордун бири Бишкек шаарынын тургуну болсо, экинчиси Нарын облусунун жашоочусу экени айтылды.
Жалпысынан коронавирустан көз жумган кыргызстандыктардын саны 1 495 кишиге жетти.



