Малинанын пайдасынан да, кээ бир адамдар үчүн зыяны өтө күчтүү. Адистин айтканы

Азыр, жапырт варенье жасалып аткан мезгил. Айрыкча, көпчүлүк малинанын вреньесин кышка даярдап алганды туура көрүшөт. Бул популярдуу жер-жемиш баардык эле адамдардын ден соолугуна туура келе береби, же жокпу, төмөндөгү материалдан окуп билесеңер болот.
Малинаны таза түрүндө жешет, десерттерге кошушат, андан варенье кайнатышат, муссы (суусундук) менен желе жасашат. Малинанын составында органикалык кислоталар, кант, пектин заттары, С, В, В2, В6, РР, Е витаминдери, каротин бар. Ушундай пайдалуу касиетке ээ экенине карабастан, айрым бир оорулар менен жабыркагандаргы бул жер-жемишти өтө сактык менен жеш керек, а кээ бир учурда таптакыр эле андан баш тарткан оң. Бул туурасында Аиф.ru жазып чыкты.
Кайсы оорулар менен ооруган учурда малинаны жегенге болбойт?
Жер-жемиштердин ичинде малина өтө күчтүү аллерген болуп эсептелет. Аллергиктерде аябагандай күчтүү негативдүү реакция чакыраары анын составына эле эмес,ачык түсү менен жыты да байланыштуу болот.
Адатта малинага аллергия болгондордо, тамак сиңирүү органдарынын жабырланышы жана терисинин реакциясы, ошондой эле аллергиялык ринит жана башка дем алуу органдарынын функциясынын бузулушу байкалат. Ошондуктан аллергиясы барлар малинаны жегенге болбойт. Ошондой эле, башка да жер-жемиштерге, маселен кулпунай, карагат же кожогатка да алллергиясы барлар, малинаны сактык менен жегендери дурус. Анткени, кошул-ташыл аллергиялык реакция жүрүп кетиши ыктымал.
Ашказан-ичеги өнөкөт оорулары козголуп жаткандарга да малинаны жебей эле койгон оң, деп АиФ.ruга нутрициолог, Улуттук диетологодор коомунун мүчөсү Ольга Деккер айтып берген. Ашказан-ичегисинин өнөкөт оорулары барлардын көпчүлүгү ансыз да кеселди козгоп жибербесин, дешип, жер-жемиштерди дээрлик жешпейт. Малина ашказан-ичеги трактын дүүлүктүрбөш үчүн, аны башка азык-түлүктөр менен кошуп жеген оң. Мисалы, малинаны айран же сүт азыктары менен аралаштырып жесе болот.
Ольга Деккер бир күндүк рационго 80-100 грамм малинаны кошуп жесе болот, бирок тамак ичкенден кийин гана деп кеңеш берет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бир күндө 50 граммдан ашпаган гана кант жеш керек дейт. «Демек, эгерде адам башка да таттуу жер-жемиш, же мөмө-чөмө жеген болсо, анда ал малинанын порциясын азайтышы шарт», — дейт нутрициолог.



