Дүйнө
Лондондо Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан 30 жаш курагында каза тапты

Бүгүнкү күнгө караган түнү Лондондо Айсултан Назарбаев каза тапты. Бул тууралуу 16-августта Zakon.kz билдирди.
Басылманын маалыматына караганда ушул тапта Айсултандын өлүмүнүн себебин иликтеп жатышат. Алдын ала божомолдор боюнча жүрөгү токтоп калышы ыктымал. Башка себептери азырынча белгисиз.
Айсултан Назарбаев 30 жашка 26-августта чыкмак.
Ал Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси, улуу кызы Дарига Назарбаеванын уулу.



