Коом
Коронавирус. 135 адамдан аныкталып, бир бейтап каза тапты

Бүгүн өлкө аймагында коронавирустан 261 адам айыгып үйүнө чыкканын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди. Ал эми акыркы маалымат боюнча өлкө аймагында 135 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Булардын арасындагы бешөө — медицина кызматкерлери.
Аймактар боюнча алганда:
- Бишкек — 35;
- Ош – 1;
- Чүй облусу – 21;
- Ош облусу — 13;
- Талас облусу – 3;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 15;
- Жалал-Абад облусу – 25;
- Баткен облусу — 19.
Оору жайылган март айынан бери вируска кабылган кыргызстандыктардын саны 41 991 болду.
Бүгүн Кыргызстанда коронавирустан бир киши каза болду. Бул илдеттен жалпы жонунан 1 496 киши набыт болду.



