Коом

Коронавирус. 155 кишиден аныкталып, 2 бейтап каза болду

Бүгүн Кыргызстанда 318 бейтап коронавирусту жеңип, сакайып чыкты.   Ал эми бүгүн өлкө аймагында 155 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта мунун үчөө медицина кызматкерлери экени айтылат.

Аймактар боюнча алганда:

  • Бишкек — 40;
  • Ош – 11;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу — 14;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 24;
  • Жалал-Абад облусу – 24;
  • Баткен облусу — 12.

Вирус илештирип алгандардын жалпы саны 42 146 киши болду.

Акыркы суткада коронавирустан Бишкек жана Баткен облустарында бирден бейтап ооруну жеңе албай  каза болуп калды.

Жалпысынан коронавирус инфекциясынан 1 498 киши набыт болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button