Пайдалуу кеңештер

Окумуштуулар: Пахтадан тигилген кийимдер коронавирусту бир күндө жок кылат

Пахта кездемесинен тигилген кийимдерде жана башка буюмдарда SARS-CoV-2 (коронавирус) кошумча тазартуусуз (обработка) эле бир сутканын ичинде жок болот. Бул туурасында «Известия» жазып чыкты.

Пахтадан тигилген кийим же беткап адамдын терисине жана былжырлуу катмарына (көздүн кабы, ооздун ичи) SARS-CoV-2нин (коронавирустун) жугуусуна бөгөт коет. Окумуштуулар бул кездеменин бетинде вирус атайын тазартуусуз эле, бир суткага жетпей өзүнөн өзү өлүп жок болот деген тыянакка келишти. Эгерде, пахта кездемесинен тигилген кийимдер: жинсылар, вельветтер (чийбаркыт) жана фланелдер күздө кийүүчү кийимдин негизин түзөөрүн эске ала турган болсок, анда алар вирустун жугуузун бир кыйла төмөндөтүшү ыктымал. Мындан тышкаары пахта көп ирээт колдонулуучу беткаптар үчүн эң мыкты кездеме болуп саналат. Ошондой болсо да эксперттер бир ирээт пайдаланулчу жеке коргоочу медициналык каражаттар (СИЗ) ишенчиликтүү дешет.

Канаданын коомдук саламаттык агенттигинде жайгашкан жана Манитобск университетинин окумуштуулары коронавирус кайсы материалдын үстүндө канча убакыт жашаарын иликтешкен. Бул үчүн атайын сегиз түрдүү материал: пахта кездемеси, медициналык нитрил кол кабы, химиялык жактан бекемделип жасалган кол кап жана N-95 жана N-100 респираторлору, желим, дат баспас темир буюмдардын ар бирине вирус жуктурушуп, аларга үч жума байкоо жүргүзүшкөн.

Натыйжада 100% таза пахта кездемесинде вирус бир суткага жетпеген убакытттын ичинде өлүп жок болгон.

— Пахтанын өзгөчөлүгү — ал көптө кургайт, анткени анын гигроскопиялык касиети өтө жогору, а коронавирус, белгилүү болгондой нымга чыдамсыз, — деди, Россия мамлекеттик  А. Н. Косыгин атындагы университетинин декоративдүү-прикладдык искусствосунун жана көркөм текстиль кафедрасынын башчысы Ирина Рыбаулина. — Пахтанын жибинен чыт (ситец), сатин, бөз (бязь), батист, фланель, байку, чийбаркыт (вельвет) жана жинсы тигилет.

«Эгерде пахтадан жасалган кийим шкафка илинген болсо, бир суткадан кийин, шарттуу түрдө, анда коронавирус инфекциясы жок деп эсептөөгө болот», — деп айтты МФТИнин жетектөөчү илимий кызматкери Станислав Отставнов. — Ар түркүн кездемелерди иликтөө маанилүү: азыр вирустун кандай шартта жашап кете алаарын же тез жок болоорун билип алуу керек.

Ал эми беткаптарга келе турган болсок, Улуу Британиянын иликтөөчүлөрү пахта материалынан тигилген, жыштыгы 600 жиптен турган шифон менен эки кат беткап 80%ке чейин 80%тен ашык 300 нанометрден кичине бөлүктөрдү, ал эми 90%тен ашыгараак ирирээктерин фильтирлеп сактайт деп аныкташты. Иллинойс Университетинин (АКШ) иликтөөлөрү (ушул учурда эксперттик баасын күтүп жатышат) таза пахта материалдан тигилген үч кат футболка хирургиялык кийимдей эле сактай турган касиетке ээ деп аныкташкан.  

Окумуштуулар өз иликтөөлөрүндө, эгерде тазалап алып кайра-кайра пайдалана турган жагын эске алганда, пахта беткапты башкаларга салыштырмалуу коопсуз да, пайдалуу да деп эсептешет. Албетте, жалгыз вирус пахта материалдан өтүп кетиши мүмкүн, бирок териге жана дем алуу органдарына аба, тамчы аркылуу жуга турган бөлүкчөлөргө чоң бөгөт болот. А аба, тамчы аркылуу жугуштуулугу SARS-CoV-2нин эң башкы өзгөчөлүгү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button