Жалкоолук бул — олуттуу оорунун башталышы. Адистин пикири

Эч бир адам жалкоолугу менен мактангысы келбейт. Көпчүлүк жалкоолугун жашыруу үчүн 10 же 40 жыл мурун болгондо башкача болот эле деп ошол кездеги жалкоолугубузду ойлоп, өкүнүп калабыз. Ал кезде акылым азыркыдай болгондо башкача жашоо болмок дейбиз. Бирок, бул жөн гана обьективдүү шылтоо, ал психологиялык жактан өзүн алдоо экенин адистер айтышат. Кээде жалкоолук бул — эч кандай белгиси жок (симптомсуз) олуттуу оору экенин айтышат адистер.
Белгилүү психолог Глеб Архангельский жалкоолук менен бекерпоз бул эки бөлөк нерсе экенин айтат. Бекерпоз адам бул — иш да издебейт, ал өзүнүн бош убактысын иш менен өткөргүсү келбейт. Ал эми жалкоо жумушту, ишти аткаруудан качат. Анын буга толтура психологиялык себеби бар. Психологдун айтымында жалкоолук иштин пайдасыз экенин билгенде пайда болот, өзгөчө иштин жөнөкөй жана убакытты үнөмдөө ыкмасы менен чече турган маселе экенин, бирок көрсөтүлгөн жол менен барыш керек экенин, жасалган иш анчалык маанилүү эмес экенин билгенде жалкоолук пайда болот. Ошонун негизинде жалкоолук бул – ички каршылык, ошондуктан жөнөкөй жол менен баарын чечкиси келет, ашыкча эмгектенгиси келбейт. Бирок бул ички туюм.
Эгерде бир отчетту жасай турган болсоң, ал автордон башка эч ким окубай турган болсо анын эмне кереги бар деген түшүнүк пайда болот. Адам шылтоо издей баштайт. Ушундай учурда ден соолук тууралуу олуттуу ойлонуш керек болот.
Жалкоолуктун ар кандай физиологиялык түрү бар дейт невролог Тамара Федосеева. Мунун бири уйкучулук, дайыма чарчоо, жеңил баш ооруу. Кээде ашказанда же ичеги карында, белинде оорсунуу пайда болуу.
Эгер жалкоолук ушундай белгилер менен коштолсо анда сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Мындай абалда көпчүлүк учурда адистер жүрөк кан тамырларынын жана шишиктин белгилери болушу мүмкүн экендигин айтышат.
Эгерде жүрөк ооруса анда демигип, кичине кыймылдаса эле чарчап калат. Ошондуктан организм баардык физикалык кыймылдан качып турат.
Эгер онкологиялык оору бар болсо аны байкоо кичине татаалыраак. Көпчүлүгү биринчи этапта анча байкалбайт. Адам тез эле чарчап, уйкусу келип, кээде баарына кайдыгер болуп жанынын тынчын гана каалап калат.
Дагы бир белги — кант диабети бар адамдарга да тиешелүү. Тез чарчоо, арыктоо, инфекциялык ооруларды бат жугузуп алуу, иммунитети алсыздануу да жалкоолукту чакырат. Айтмакчы, иммунитеттин алсыздыгы аялдар үчүн гинекологиялык ооруларга да тиешелүү болушу ыктымал.
Иштегиси келбеген жалкоо адамдарда ичеги карын ооруларынын да белгилери болот. Бат чарчоо, унутчаактык, эске тутуусу начарлар боор оорусунун белгилери.
Ичеги карын оорулары да иммунитетти түшүрөт. Буга туура эмес тамактануу, аз кыймыл, антибиотикти көзөмөлсүз ичүү — ичеги карындын микрофлораларын бузат. Бул тез эле ооруп калуу, учук чыгуу, тез чарчоо – ушулардын бардыгы организмдин коргонуучу функциясынын төмөндөп кеткендигинен кабар берет.
Ошондон улам жалкоолук бул жөн гана тарбиядан же мүнөздөн деп аныктоого болбойт. Жалкоолук бул — ар кандай оорунун башаты болушу толук ыктымал.



