Лукашенко Кытайга качабы, же өзүн өзү өлтүрөбү? Бийликти армия колуна алабы?

Александр Лукашенко бир аз убакка чейин куралдын күчү менен бийликте турушу мүмкүн, бирок болочокто Белоруссиянын президенти катары анын күнү бүтөт, деп айтты URA.RU маалымат порталы менен болгон аңгемесинде белорусь политологу (саясат таануучу) жана публицист Кирилл Аверьянов-Минский. Бул туурасында Rambler.ru маалымдады.
Анын сөзү боюнча, Лукашенко жеңилип калгандан кийин өлкөдөн качып чыгышы, же өзүн өзү өлтүрүшү да мүмкүн.
«Кытайга качып кетсе деле болмок, мактанып жүрчү да, Кытай менен мамилем сонун деп. Венесуэлага кетсе да болот — Чавес [экс-президент Уго] менен дос болчу. Россия аны кабыл алаары – чоң суроо. Мен анын ордунда болсом, Россия меймандостук менен кабыл алат деп ишенбес элем, анткени көп жылдан бери Россиянын жетекчилигин алдап келген, басынткан, мазактаган», — деп эсептейт публицист.

Анын пикири боюнча, Лукашенко үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүнүн бирине качып кетсе да болот. Белорусь лидери үчүн эң жаман сценарий – өзүн өзү өлтүрүүсү (суицид), — дейт Аверьянов-Минский.
«Лукашенко өзүн өзү өлтүрбөйт деп да айта албам. Эгер ал үчүн бүт баары жаман болсо – ошого да барат. Бул адам бийлик менен кошо өскөн, бийликсиз өз жашоосун элестете албайт болуш керек», — деп түшүндүрдү белорусь политологу.
Мындан бир аз мурдараак Россия-Белоруссия мамилелери боюнча эксперт Дмитрий Болкунец, Белоруссиядагы окуялардын өнүгүшүнүн төрт сценарийин берген. Төртөөндө тең Лукашенко президенттик постто калбайт.

Лукашенко жекшембиде өткөн колдоочуларынын митингинде, эгер аны сактап кала алышпаса, анда өлкөнүн да күнү бүтөт деп айткан. Лукашенконун бул кайрылуусунан кийин ФСБнын ветераны, аскер адамы катары, Белоруссия үчүн жоопкерчиликти жападан жалгыз легитимдүү да, бийлигин эч качан жоготпогон күч органдары гана алат, деген божомолун айтты.



