Пайдалуу кеңештер

Коронавирустун жеңил өтүүсүнө жардам берчү ичимдик. Илимий иликтөөлөрдүн тыянагы

Канададагы Лаваль университетинин окумуштуулары шараптын составындагы (вино) антиоксидант курч респиратордук дистресс-синдромдун (ОРДС) оор өтүшүн төмөндөтөт деп билдиришти. Бул жаңы коронавирустан ооругандарды коштой турган негизги симптом болуп саналат. Бул тууралуу Rambler маалымдашты.
ОРДС – бул өпкөнүн жалпы сезгенишинен улам пайда болгон, дем алуунун жетишсиздиги (дем жетпөө). Натыйжада дем кыстыгып, бат-баттан дем алып, тери көгөрүп кетет.
Канадалык окумуштуулардын маалыматы боюнча организмде ACE2 өзгөчө ферментинин көп болушу респиратордук дистресс-синдромдун оор өтүшүн төмөндөтүүгө жөндөмдүү. Бул заттын (ACE2 ферментинин) концентрациясын көбөйтүү үчүн кызыл жана ак шарапты (вино) ичиш керек. Анткени, так ушул шараптарда ACE2 ферментинин көбөйүшүнө таасир эте турган ресвератрол бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button