Дүйнө

ВИДЕО: Бразилиянын президенти кичине бала деп ойлоп эргежээлди көтөрүп күлкүгө калды

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару эргежээл кишини кичине бала деп ойлоп көтөрө калып социалдык тармакта күлкүгө калды.



Видеону интернетте аз убакыт ичинде 2,3 миллион жолу көрүштү.

LaPolitica Online порталынын жазганына караганда, өлкө башчы 17-август күнү Сержипи штатындагы электр станциясынын ачылышына барган. Эл арасында жүргөн эргежээл жаранды президент бийик көтөргөн.

Качан гана жардамчылары ал бала эмес экенин айтканда, жерге койгон. Кадрларда ал киши дагы өзүн жоготпой, президентти колдоп, элге шаңдуу кол булгалаганын көрүүгө болот.



Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button