Кытай коронавируска каршы чыгарган вакцинасын Кыргызстанга берүүгө даяр

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И, кыргыз коллегасы Чыңыз Айдарбеков менен менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда, кытайлыктар коронавируска каршы жаңы дармектерди иштеп чыгууда, Бишкек менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Бул туурасында КЭРдин тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып «Синьхуа» кабарлады.
«Синьхуанын» маалыматы боюнча Ван И, өздөрү иштеп чыккан COVID-19га каршы вакцинаны Кыргызстанга сунуштаган.
«Эларалык коомчулук вакцинаны иштеп чыгуу маселесине улам барган сайын өтө олуттуу көңүл бөлүүдө. Кытай Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, баардык өлкөлөр акыйкат шартта вакцинаны бирдей алышы керек деген демилгесин колдойт. Биз ушул тармакта жетишкен тыянагыбызды (вакцинаны-ред.) Кыргызстан менен бөлүшүүгө даярбыз жана кызматташтыкка кызкыкдарбыз», — деди Кытайдын тышкы иштер министри.



