Саясат

“Бүтүн Кыргызстанга” карылар жана эскилер топтолду

Кечээ жакында эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курултайы өтүп, алдынкы тизмедеги саясатчылардын аттары ачыкталды. “Бүтүн Кыргызстанга” кимдер чогулду? Бул тууралуу оюн фейсбук колдонуучусу Марат Тагаев билдирген.

Автордун тексттин өзгөртүүсүз беребиз:

Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Искак Масалиев,Өмүрбек Суваналиев, Курсан Асанов, Айгуль Сатарова, Орозайым Нарматовалар кирген. Мындан тышкары курултайда катышуучулар арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Саматбек Ибраев, Мурадыл Мадеминов, Жогорку кеңештин экс аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев жана саясатчылар Бектур Асанов, Бегалы Наргозуевдер да жүрүштү.

Булардын ар бири тууралуу жиликтеп айтпасам да, кимисин ким экенин 30 жыл аралыгында жакшы эле билебиз, алардын чыныгы жүздөрү элге эчак белгилүү.

АДАХАН МАДУМАРОВ, экс-парламентарий, спикер да болгон , мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Мадумаров элдин эсинде эмнеси менен калды: анын артында сатылган жерлер (Үзөңгү Кууш), Бакиевдер менен болгон тыгыз мамилеси. Кыскасы, бийликте жүрүп элим, жерим деп күйбөй, ошол кездеги президент Бакиев жана анын жакындарынын камчысын чапкылап, той-аштарда жана башка иштерде бирге жүрдү.

ТЕМИР САРИЕВ болсо ал дагы депутаттыкка тойбогон, шайлоолор алдында кооз чакырыктар жана укмуштудай убадаларды берип, депутат болуп, көрүнүктүү иштерди аркалаган жок. 2015-жылы премьер-министрдин ордун ээлеп, 2016-жылы жолдорду реконструкциялоодогу чуулгандуу окуяга тиешеси бар экендиги ачыкталып, кызматтан кеткен.

ИСКАК МАСАЛИЕВ, болсо мамлекеттик кеңешчи, эски “органчы” (бажы кызматынын полковниги, милициянын полковниги), “бажычы”. 2005-жылы финансы министрлигинде эмгектенген, 2014-жылы бажы кызматынын төрагасы, депутат. Ортодо ээлеген башка кызматтарды эске албаганда Масалиев өмүр бою майлуу сүттүү кызматтарды аркалап келген.

ӨМҮРБЕК СУВАНАЛИЕВ, карьерасы“органдарда” башталып, бажы тармагында, Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары да болуп иштеген. Бул ортодо кызматтык абалына кыянаттык кылгандыгы үчүн сот жоопкерчилиге тартылган. Андан кийин ЖКнын депутаты.

КУРСАН АСАНОВ, 2019-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевди штурмга алып жатып “кызыл баштык” менен кызматтан бошотулуп, милициянын кызыкчылыгына каршы чыккынчылык кылгандыгы үчүн айыпталып сот жообуна тартылды. Ага чейин “органдарда” иштеп, ЖКнын депутаты да болгонго жетишкен.

Тизмеге кошулгандардын калгандары “Бүтүн Кыргызстандын” капчыгын толуктап, шайлоодо арка бел үчүн кошулгандай.

Кандай болсо да алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган Мадумаров баш болгон “Бүтүн Кыргызстанчылар” буга чейин эле өз ресурстарын колдонуп коюшкан. Алардын аткарылбаган убадалары, куру сөздөрү, кооз жарнактарү жана менменсинип сүйлөгөн сындары гана эсте калды. Сындар демекчи, өзүлөрү бийликте отурган кезде сын айтмак түгүл, ооздорунан жел чыкпай эле жамбаштап жатышкан. Качан гана шайлоо болордо бирин бири сындап, ич кийимине чейин иликтешет. Болбосо өз учурунда бардыгы тең бийик кызматтарды ээлешти эле.

Курултайда Өмүрбек Суваналиев эмнени сүйлөдү?

Сөз башында өзүн мактап, андан кийин “Кыргызстандын келечеги бизге маанилүү, бизге мансап эмес, биз күрөшүүгө бара жатабыз. Биз буга чейин көп иштерди аркаладык. Ошол кезде бийликке умтулуп президенттерге жагалдангандар каякта азыр?”- дейт. Ушул жерде Өмүрбек байкеге жооп катары айтат элем — алардын бири жаныңызда, той-топурдан башы чыкпай кошоматчылык кылган Адахан Мадумаров сиздин маңдайыңызда отурат.

Андан кийин “партиясын жаштарга берип, бирок съезддерине катышып, жаштарга жашынып манипуляция кылып башында отурушат. Эмнеге алар шайлоого барган жок, анкени аларга просто “не разрешили” — дейт.

Бул жерге да кыстырма, “Бүтүн Кыргызстан” жогорудан “разрешение” алдыбы, келишим барбы?

Андан ары сөзүн улай “буга чейин бир дагы партия президенттерин сактай алган эмес. Акаевди “Алга Кыргызстан, Бакиевди “Ак жол” партиясы, Атамбаевди КСДП партиясы сактай алган жок. Бүгүн бийликчил партиялар “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” эми аларга “Замандаш” да кошулду. Бардыгы тең биз президенттин батасын алдык деп чуркап жүрүшөт, булардын бардыгы аферисттер. Барып иш кылабыз дешет. Бирок дагы айтайын, бир дагы бийликчил партия президенттерин сактаган эмес. Ошол мезгилде канча премьерлер бар эле, ошолордун бардыгы ушул жерде отурушат, биз менен. Алар “сами себя сделали”. Алар саясаттан кетишпейт, Сариев , Мадумаров дагы ушундай”-деди.

Эми суроо, бул сөзү менен Суваналиев эмнени айтты? Бийликчил партиялар президентке бел болбойт, боло тургандар биз. Сизди коргой турган биз, бардыгыбыз бийликте болдук, болгонбуз жана кетпейбиз дегениби. Ачык айкын.

“Булардын кожоюндары бир эле киши, ал криминалдын анабашчысы “Коля киргиз” ошонун алдында бардыгы шестерка” криминал бийликке умтулууда. Өз кезегинде Коосуздук Кеңеште отуруп саламаттыкты сактоо министри Чолпонбаевди жумуштан ала албай коюшту, эмнеге? Анткени анын крышасы депутаттардын арасындагы криммүчөлөр. Ошого эч кимдин алы жеткен жок. Абылгазиев баш болуп. Абылгазиев азыр кайда? Ал соттолушу керек. Анын артында көп нерселер бар”-дейт.

Бул система буга чейин эле болгон, аны Суваналиев өзү Коопсуздук Кеңешинде отурган кезде эле билген. Эмнеге бийлик колунда турганда бул кримсистеманы талкалап жок кылган деген суроо туулат. “Азыр депутаттарды, бардыгын ОПГ башкарат. Эч ким эч нерсе кыла албайт, коркушат эртен бирөө чаап кетет деп. Коррупция укшмуштудай”-дейт.

Дагы суроом бар Суваналиевге ушул жерден, бул криминалдык башкаруу Акаевдин доорунан бери келе жатаат, Бакиевдикинде күчөп кеткен. Эмнеге өзү айткандай азыр жанында отурган ошол кездеги бийлик мүчөлөрү болгон “мыктылар” ОПГ башкарган системага каршы күрөш жүргүзүшкөн эмес? Ошол кезде күрөшпөгөн эми күрөшө алышабы алдан тайып, жаштары келип калганда?

“Жаштардын алдары келбейт бул системага каршы, бийлик да жеңилип багынды, бирок биз улуу муун күрөшүп аларды жеңебиз, ошондуктан шайлоого бара жатабыз”-дейт Суваналиев.

Бул жерден дагы суроо, ошол ОПГ башкарган системага ошол кезде багынып, жол ачкандар ким эле? ОПГны колдонуп, кыргыздын далай мыктылары чабылганда булар кайда эле, эмнеге анда үн катышкан эмес? Сууларыбыз сатылып, жерлерибиз кертилип, элибиз жарыксыз калганда булар кайда эле? Ооба, ал кезде алар, азыркы “Бүтүн Кыргызстандагы” улуулар чайдан колу бошобой, тойго тебетей ташып чуркап, ОПГга жүгүнүп, аларга жол салып жүргөндөр өздөрү болбой ким эле?…

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button