Дүйнө

Түштүк Кореянын чалгыны: Ким Чен Ын бийлигин карындашы менен бөлүшүп жатат

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз бийлигинин бир бөлүгүн карындашы Ким Ё Чжон менен бөлүштү, деп бышыктап жатат Түштүк Кореянын чалгыны. Бул туурасында 20-августта ВВС News Орус кызматы  билдирди.

Бүткүл бийлик  Ким Чен Ындын колунда калат. Бирок, мамлекеттик саясаттын кээ бир аспектерине анын жакындары жооп беришет – Түндүк Корея лидеринин  стрессинин деңгээлин төмөндөтүү үчүн, деп эсептейт чалгындоо.

«Бийлик бүтүндөй бойдон мурдагысындай эле КЭДРдин лидеринин колунда, бирок кичинеден башкалар менен бөлүшүлүп жатат», — деп тыянакташты алар.

Мурда Түштүк Кореянын чалгыны Түндүк Корея маселесине келгенде далай ирээт жаңылган.

Ким Ё Чжон Пхеньяндын АКШ менен Түштүк Кореяга карата саясатына жооп берет, ошондой эле иш жүзүндө  ал КЭДРдин саясий түзүлүшүндө экинчи киши болуп калат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button