Коом
Коронавирус. Акыркы суткада 196 кишиден аныкталып, бир бейтап көз жумду

Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 345 адам коронавирус илдетин жеңип чыкса, 196 киши ооруну жуктуруп алды. Бул туурасына саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Республика боюнча коронавирустан айыккан адамдардын саны 35 831ди түздү. Ал эми жуктургандар жалпысынан 42 703кө жетти.
Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясынан бир киши көз жумду.
Ага ылайык, каза болгон бейтап Бишкек шаарында катталды.
Белгилей кетсек, кечээ, 20-августта, көп убакыттан бери алгачкы жолу жугуштуу оорудан адам өлүмү катталган эмес.
Пандемиядан бери өлкөдө 1 055 адам көз жумду.



