Коом

Гүлжамал Жороева: Назира Айтбекова жылаңач этиңди жаппасаң да, тилиңди бир аз тарт!

Теле алып баруучу Назира Айтбекова Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып жаткан талапкерлерди сынга алып, өзүнүн постун жарыялаган. Көп өтпөй журналист Гүлжамал Жороева Айтбекованын пикирине каршы чыгып, төмөнкүдөй пикирин калтырды.

“Жылаңач этиңди жаппасаң да, тилиңди бир аз тарт Назира сулуу! “СТАРИКИ” – деп шылдыңдап жазган постту окуп, сага деген урматым сууду алтын кыз! Алар баскан жолдун жарымын, алар таткан туздун жетиден бир бөлүгүн тата элексиң али. Тилиң узун, ширин болгон менен акылың кыска, көөдөнүң көңдөй кыз экенсиң. Кыргыздын нарк – нускалуу кыздары улууларга уу тилин чачмак түгүл, алдынан кыя өткөн эмес”, – деп жазылат билдирүүдө. Ошондой эле ал, “Стариктердин тырмагына тең келбей туруп, алардын тырмак алдынан кир издебе. Башкаларды айтпасак да Адахан Мадумаров, Исках Масалиев, Өмүрбек Субаналиевдер кыргыз тарыхында жазылып, эл оозунда айтыла журчу инсандар. Өлкөң үчүн тиш чукугучтун учунчалык кызмат кыла элексиң сен . Facebook баракчаңа жарым жылаңач сүрөтүңдү жүктөгөндөн башка не иш кылдың, айтчы? Өзүңдү тим эле кыргызымдын КЫЗСАЙКАЛЫ сезип алгансыңго”, – деп катуу айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button