Дүйнө
Телефондо түз эфирге алаксыган ырчыны поезд сүзүп кетти (ВИДЕО)

Румыниялык ырчы Тави Пустиу түз эфир учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 29 жаштагы поп-аткаруучу жубайы менен унаада өзүн тартып бара жаткан. Ырчы чылым чегип, музыка угуп бара жаткан учурда поезд менен сүзүшүп кеткен.
Полиция билдиргендей, ырчы кырсык болгон жерден жан берген. Ал эми анын 24 жаштагы жубайы өтө оор абалда ооруканага жеткирилген.
Мындан бир ай мурун Тави Пустиу социалдык тармактагы баракчасына: “Бир күнү туура эмес поезд сени керектүү жерге алып барат”,- деп жазган.



