Окуялар

Кыргызстанда кармалган өзбек журналисти Өзбекстанга өткөрүлүп берилди

Кыргызстанда кармалган өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бобомурод Абдуллаев бүгүн, 22-августта Өзбекстанга өткөрүлгөн.

Эске салсак, УКМК кызматкерлери 9-августта өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаевди кармашкан болчу. Журналисттин баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны УКМКнын СИЗОсунда кармоого чечим чыгарган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button