МаданиятТагдыр

Мухтар Шаханов: Айтматовдун улуу сүйүүсү. Же Чыңгыз менен Бүбүсайранын махабаты тууралуу аңгеме эмнеге алынып ташталган

2013-жылы Алматыда Казак-Кыргыз эл акыны, Чыңгыз Айтматовдун кенже досу Мухтар Шахановдун “Правдоформула и восхождение на Эверест любви” (“Эссе о друге-брате Ч.Айтматове”) аттуу китеби жарык көргөн. Бул китепте М. Шаханов кыргыздын улуу калемгеринин мурдатан эч кимге белгисиз фактыларын камтыган. Ошол эле учурда 1997-жылы М. Шаханов, Ч. Айтматов экөө биргелешип жазган “Плач охотника над пропастью” (Исповедь на исходе века) китебинен да айрым үзүндүлөрдү келтирген. Ал китептен алынган “Женщины в наших судьбах” деген бөлүмүндө, Чыңгыз Айтматов өзүнүн улуу махабаты (Бүбүсайра Бейшеналиева) туурасында Мухтар Шаханов менен аңгеме курган. Ошол аңгеме толук бойдон Казак-Кыргыз эл  акынынын ушул китебине кирген.

“Менин Чыңгыз менен Бүбүсайранын сүйүүсү тууралуу темага  кайрылганымдын эки себеби бар, — деп жазат Мухтар Шаханов. –2008-жылы  Айтматов каза тапкандан кийин Мухтар Аблязов жоомарттык кылып, Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдук жыйнагын орус тилинде чыгарууну камсыздады. Болгондо да  өзгөчө жасалгалап, ар бир китебине өзүнчө папка жасатты. Албетте, 9500 нуска азыркы мезгил үчүн жетиштүү түрдө олуттуу болуп саналат. Азыр бул сегиз томдук жыйнак  Казакстанда, Кыргызстанда жана Россияда сатылууда. Уникалдуу калем ээсинин чыгармаларынын жыйнагына Чыңгыз Төрөкуловичтин мени менен биргелешип жазган “Плач охотника над пропастью” (Исповедь на исходе века) китеп-эссе жана “Ночь воспоминаний о Сократе” драмасы да кирген.

Акыркы жылдары биз Айтматов экөөбүз “Ночь воспоминаний о Сократе” драмасына бир кыйла өзгөрүүлөрдү киргизгенбиз, аныбыз басылып чыкпай калды. Андыктан жыйнакка акыркы вариант эмес, драманын биринчи варианты кирип калды.

Ал эми “Плач охотника над пропастью” бөлүгү боюнча ойго келгис окуя болду. “Женщины в наших судьбах” деген главасынан Айтматовдун Бүбүсайра Бейшеналиева туурасында айткан маанилүү жерлери адынып ташталыптыр.

Мындай жүзүкаралыкка кимдин колу барды?

Бүбүсайра тууралуу менин айткандарым да кесилиптир. Бул туурасында мен окурмандардын Бишкектен, Астанадан жана Тараздан мага келген каттарынан улам билдим. Ал эми жакында эле Усть-Каменогорскиден алган кат, мени өтө ызалантты: “Плач охотника над пропастью”  Айтматовдун чыгармаларынын жеке жыйнагына кирген  менен, бул туунду жалпы да – ага да, Сизге да таандык. Сиздин улуу досуңуз, Кудай ага бейиштен орун берсин, башка дүйнөгө кетти. Эми бул чыгармага жападан жалгыз Сиздин автордук укугуңуз бар. Эгер андай болсо, анда эмне үчүн Сиз жыйнактан адамдын жан дүйнөсүн толкунданта турган анын Бүбүсайрага болгон улуу  махабаты тууралуу ой жүгүртүүлөрүн алып таштадыңыз?” – деген таарынычтуу кат экен. Мен китепти басып чыгарган  “БТА Банк” АКсына кайрылдым, бирок төмөнкүдөй жооп алдым: “Аблязовдун чет өлкөгө  кеткенине байланыштуу типография иштебейт” деген. Ким чыгарманы кыскартты? Же Айтматовдун жакын туугандарынын бири басмага таасир эттиби? Бул мага ушул кезге чейин белгисиз.

Б. Бейшеналиева
Ч.Айтматов

Бүбүсайра тууралуу бул темага кайрылганымдын экинчи себеби – Бишкектен келген кат.

Ал каттын ээси Бермет Мамбеталиева мага Бүбүсайра Бешеналиева тууралуу китебин салып ийиптир. Ал китеп, ушул кезге чейин окурмандарга белгисиз болгон, улуу актрисанын Чыңгыз Айтматовго карата өзгөчө таза, тунук махабаты туурасында жана улуу калем ээсинин Бүбүсайрага жазган каттарына негизделген экен. Китеп “Неутерянные письма или Разговор на Дзержинке” деп аталыптыр.

Китептин башкы каарманы – Элмира Абдыгулова. Ал Бүбүсайрадан 26 жаш кичүү болсо дагы, экөөнүн ортосунда өзгөчө достук (сырдаштык – ред.) мамиле  түзүлгөн. Экөөнүн үйү коңшулаш болгондуктан, күн сайын көрүшүү салтка айланып калган экен. Элмиранын атасы Медербек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын жооптуу кызматтарында иштеп, СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Анын адабиятка жана искусствого шыгы болгон, ал байыркы грек, индия, египет жана кытай философиясын өтө мыкты өздөштүргөн, бир учурларда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Исхак Раззаков менен өтө тыгыз баарлашкан. Кыргызстанга келген мезгилдеринде КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары  Н. С. Хрущев Абдыгуловдордун үйүндө далай ирээт конокто болгон. Элмиранын апасы Бурмакан, Бүбүсайрага өзгөчө чоң урмат менен мамиле жасаган жана кызы менен улуу актрисанын ортосунда пайда болгон руханий жана достук мамилелерди колдоп, аны бир тууганчылыктан да жогору баалаган.

Бар болгону 47 жаш гана өмүр сүргөн Бүбүсайра, айыкпас ооруга чалдыгып көпкө чейин Москвадагы Кунцево ооруканасында дарыланып жаткан. Элмира үч ай боюу, ага өтө жакын, энесиндей болуп калган кишисинин  жанында болгон. Бүбүсайра өзүнүн жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан эскерүүлөрүн жана Чыңгыз Айтматовдун ага арнап жазган каттарын Элмирага калтырган. Бүбүсайра менен Элмиранын ортосундагы аялзатында сейрек  кездешчү достук тууралуу өз учурунда Чыңгыз Айтматов да мага айтып берген эле.

Бүбүсайра менен Чыңгыз

Бермет Мамбеталиеванын көркөм-публицистикалык китеби бүтүндөй бойдон Элмира Абдыгулованын интервьюсуна негизделген. <…> 

“Чыныгы сүйүү улуу адамдарды жана залкар жүрөктөрдү гана эргитет” деген идеяны карманып, эки улуу инсан канткенде махабат Эверестине көтөрүлө алышканын талдаганга аркеттенип көрөмүн. 16 жыл мурдагы Бүбүсайра туралуу Айтматов менен аңгемелешүүмө кайрадан ой жүгүртүп, кимдир бирөөлөр тарабынан 8 томдуктан алынып ташталган, Чыңгыз өзү айтып берген, экөөнүн сүйүүсү тууралуу тарыхты, жана да махабат туурасындагы биз экөөбүздүн аңгемелерибизден фрагменттерди окурмандарга тартуулаймын”.

Мухтар Шаханов.

(Уландысы бар).  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button