Коом

Коронавирус. Айыккандар көбөйүп, жуктургандар азая баштады

Кыргызстанда өткөн суткада 341 бейтап коронавирустан сакайып чыкса, 134 кишинин вирусту жугузуп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Коронавирусту жуктуруп алгандар боюнча аймардарда:

  • Бишкек — 33;
  • Ош — 3;
  • Чүй облусу — 12;
  • Ош облусу — 21;
  • Талас облусу — 5;
  • Нарын облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 16;
  • Жалал-Абад облусу — 27;
  • Баткен облусу — 9.

Ушуну менен республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 36 397 киши болду. Жуктургандар жалпысынан 43 023кө жетти.

Ал эми акыркы суткада коронавирустан бир адам көз жумду. Ал бейтап Ош облусунда дарыланып жатканы айтылат.

Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 056 болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button