Коом

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 218 киши сакайып, кайра 103ү ооруну жуктуруп алды

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 218 киши сакайып чыкса, дагы 103ү ооруну илештирип алды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, кечээ COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар төмөнкү жерлерде катталды:

Бишкек — 107;
Ош шаары — 17;
Чүй облусу — 7;
Ош облусу — 25;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу — 20;
Жалал-Абад облусу — 21;
Баткен облусу — 19.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин жаңы учурлары төмөнкү жактарда болду:

Бишкек — 27;
Ош — 1;
Чүй облусу — 8;
Ош облусу — 8;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу — 8;
Жалал-Абад облусу — 29;
Баткен облусу — 19.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 43 126га жетти. Ал эми айыккандар 36 615 болду.

Ошондой эле бир сутка ичинде тогуз медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медиктер арасында 3 101 учур катталды, алардын ичинен 2 385 медкызматкер айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button