Саясат
Зиядин Жамалдинов депутаттык мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновду депутаттык мандатынан ажыраттты. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.
БШК мындай чечимди бүгүнкү жыйында кабыл алган. Буга Жамалдиновдун өз ыктыяры менен жазган арызы себеп болгону айтылат.
Зиядин Жамалдинов 2015-жылы «Өнүгүү — Прогресс» партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштын депутаты болуп шайланган болчу.


