Саясат

Абдыманап Кутушев: “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен олуттуу пикир келишпестиктерден улам кеттик

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына кошулган команда четинен кете баштады. Кечээ белгилүү саясатчы Темир Сариев кеткен эле, бүгүн бул партиядан  Абдыманап Кутушев менен Мурадыл Мадеминов кеткенин жарыя кылышты. Ага удаа эле Турсунбай Бакир уулу да бул партиядан кеткени маалым болду. Ал эми он жыл саясатта чогуу жүргөн командасындагы оң колу Али Алиакбаров да кеткенин жар салды.

Абдыманап Кутушев бул партиядан кеткенин  фейсбук баракчасына төмөнкүчө жарыялады.

“Урматтуу достор!

Биздин мындан аркы партиялык ишмердигибиз боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен сүйлөшүүлөр, олуттуу пикир келишпестиктерден улам,  көздөгөн максаттарга жетпеди. Ошондуктан биз досум Мадеминов Мурадыл Ганиевич экөөбүз 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышпоону чечтик. Ар дайым дилибиз таза, ниетибиз ак болуп келген. Мындан аркы ишмердигибизде да өлкөбүздө адилеттүү коом курууга, эл чарбасынын деңгээлин көтөрүүгө аракетибизди уланта бермекчибиз”,- деп жазды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button