Саясат
Парламенттик шайлоого 16 партия гана ат салышат (ТИЗМЕ)
Парламенттик шайлоого катышуу үчүн анын күрөөсүн төккөн 16 партиянын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Эске салсак, буга чейин БШКга талапкерлердин тизмесин 17 партия тапшырса, анын ичинен бирөө 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөгөнү тууралуу документи жок болуп чыккан. Натыйжада 16 партия тиешелүү талаптарды так аткарган.
- «Кыргызстан»;
- «Биримдик»;
- «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»;
- «Бир бол»;
- «Республика»;
- «Ата Мекен»;
- «Мекенчил»;
- «Мекеним Кыргызстан»;
- «Замандаш»;
- «Социал-демократтар»;
- «Реформа»;
- «Чоң казат»;
- «Ыйман нуру»;
- «Ордо»;
- «Бүтүн Кыргызстан»;
- «Мекен ынтымагы».
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке 44 партия каттоодон өткөн. Бүгүнкү күнү 16 партия гана баардык талаптарды аткарууга жетишкен. Ал эми шайлоо быйыл 4-октябрда болот.



