Коом

Кыргызстанда өткөн жылы кайсыл кылмыштуулук күч алган. Статистика

2019-жылы Кыргызстанда 41 622 кылмыш, 22 211 жорук катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Кылмыштар тууралуу сөз кыла турган болсок, өлкөдө эң көп жасалган кылмыштын түрү — уурулук. Тагыраагы, 15 132 жолу уурулук фактысы катталган.

Сандар менен карай келгенде төмөнкүчө болгон:

  • алдамчылык — 7 247 жолу;
  • бейбаштык — 3 349
  • тоноо — 1 821;
  • баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү — 999;
  • жол эрежелерин бузуу — 562;
  • каракчылык менен кол салуу — 204 жолу жасалган.

Ал эми башка оор кылмыштар 12 308 жолу катталган. Бирок мунун ичинен канчасы кандай мыйзам бузуу экени айтылган жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button