Маданият

КР эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын уулу, ырчы Сайкал Садыбакасованын иниси Эркин каза болду

Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын уулу, ырчы Сайкал Садыбакасованын бир тууган иниси ырчы, музыкант Эркин каза болду.

Бул тууралуу Гүлшайыр Садыбакасованын фейсбук баракчасында жазылган көңүл айтуулардан маалым болду. Ошондой эле Сайкалдын да инстаграм баракчасына көңүл айтуулар чыккан. Эркиндин эмнеден каза тапканынын себеби айтыла элек.

Эркин Садыбакасов

Такталган маалыматтар боюнча, жүрөгү кармап кайтыш болгону айтылууда. Эркин Садыбакасов 2001-жылы 2-ноябрда туулган. Ал төрт тил билген. Ош шаарындагы жеке мектептердин биринде билим алган. Музыкалык аспаптарда ойноп, ырдачу.

26-август саат 16:00 дө акыркы сапарга узатылат.

«Abal.kg» сайтынын эмгек жааматы Гүлшайыр Садыбакасовага, Сайкал Садыбакасовага терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button