Достук Ободоев: Калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо негизги багыттардын бири

Өлкөдө 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы бекитилди. 2026-жылга чейин аткарууга белсенген аталган Программанын мазмуну жана максаты тууралуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Достук Ободоев менен маек курдук.
-Достук мырза, алгач аталган программа кандай максаттарды көздөйт, ушуга токтоло кетсеңиз?
— Калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикасын өнүктүрүүдөгү негизги багыттарынын бири. Республикабызда акыркы үч жылдан бери бул маселени чечүүдө бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлүп жатат.
Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” Жарлыгынын негизинде, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда климаттын өзгөрүшүнө ыӊгайлашуу боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында иштелип чыкты.
Документтин негизги максаты – калктын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздалышын жогорулатуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу системаларын куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо аркылуу элдин ден-соолугун жана жашоо сапатын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтуу.
-Программада кандай артыкчылыктуу багыттар каралган?
—Программа негизинен төрт артыкчылыктуу багыттардан турат:
1. Коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитарияны жакшыртуу;
2. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун башкаруу жана мамлекеттик жөнгө салуу системасын өнүктүрүү;
3. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн финансылык-экономикалык туруктуулугунун, экологиялык жана энергонатыйжалуулугун жакшыртуу;
4. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда ачык-айкындуулукту, ишенимди жана отчеттуулукту күчөтүү.
-Программада көрсөтүлгөн иш чаралар кайсыл мөөнөттө ишке ашат?
-Программаны ишке ашыруу мөөнөтү 2026-жылга чейин жана андагы иш-чаралар 2 этапка бөлүнгөн. Биринчи этапта 2024-жылга чейин көйгөйлүү болгон айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, ал эми экинчи этапта шаарларда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу, элди ичүүчү суу менен камсыздоонун сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу белгиленген .
-Аталган Программаны ишке ашырууга каралган каражат жана каржылоо булактарына токтоло кетсеңиз?
—Программанын жалпы бюджети 68,2 млрд. сомдун тегерегин түзөт. Учурда республикалык бюджетте бул секторго талап кылынган капиталдык салымдарды жумшоо үчүн жетиштүү каражат жок болгондуктан, Эл аралык донорлордун жана инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылат.
Каржылоо Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык мамиле боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SЕСО), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Европа инвестициялык банкынын, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Сауд өнүктүрүү фондунун, ПРООНдун жана ЮНИСЕФтин колдоосунда жүрөт. Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо маселеси ар бир жылга бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
-Калкты таза суу менен камсыздоо маселеси өлкөдөгү курч көйгөйлөрдүн бири экени белгилүү. Программанын ишке ашырылуусунун жыйынтыгы менен кандай натыйжалар күтүлүүдө?
—Программанын алкагында республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлардын кеминде 95%ын жана айыл жергесинде жашаган 2,0 млн.дон ашык калкты бардык талаптарга жооп берген борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча жумуштар аткарылат.
Мындан тышкары, ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун туруктуу жана ишенимдүү механизмин түзүү, керектөөчүлөргө берилген суунун сапатын жогорулатуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө тийген терс таасирлердин жол берилген чектерин аныктоо жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун башкаруу механизмин түзүү боюнча жумуштарды аткаруу пландалып жатат.
-Маегиңизге ырахмат!
Бегайым Муратбекова



