Коом

Акылбек Жамангулов: Прогрессивдүү идеялар менен жашаган жаш муундун лидерлерин бириктирүү максатыбыз бар

Кыргызстанда жаңы муундагы жаш активисттерди өстүрүүчү аянтча ачылат. Бул тууралуу өз баракчасында, “Биримдик” партиясын баштап бара жаткан Акылбек Жамангулов билдирди.

“Жаш лидерлер менен жай жолугушуу өткөрүп, жыйынтыгында жаш муундагы активисттердин өсүүсүнө аянтча түзүү чечимин кабыл алдык.  Бул жаштар, “Биримдик” партиясынын жаштар канатына тиешеси жок жана саясий кыймыл болуп эсептелинбейт. Формалдуу эмес жаш активисттер клубу, прогрессивдүү идеялар менен жашаган жаш муундун лидерлерин бириктирүүнү жана саясий тармакта, бизнесте, мамлекеттик кызматта социалдык лифт түзүп берүүнү пландайт.

Урматтуу кыргызстандыктар, коомду түйшөлткөн актуалдуу темаларды чогуу  талкууга алууга даярбыз. Биздин командага кошулууну каалагандар, жеке баракчага же комментарийлерге жазууңуздарды суранабыз, – деп жазат өзүнүн социалдык тармактагы фейсбук баракчасында Акылбек Жамангулов.

Эскерте кетсек, Акылбек Жамангулов буга чейин да бир топ жаш активисттер менен жолугуп, коомдо болуп жаткан  негизги маселелерди талкуулаган, келечекке кайдыгер карабаган активдүү, демилгечил жаштардын бири.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button