Саясат
ВИДЕО: Шайлоо-2020. Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов добуш сатуу «Чоң күнөө болот!» деди

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов кыргызстандыктарды добушуңарды сатпагыла, бул чоң күнөө деп эскертти. Ал видеокайрылуусун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.
Шайлоонун алдында ал баардык жарандарды ынтымакка жана агадилдикке үндөдү.
«Динге ишенген адамдардын сезим-туюмун бийликке же кызматка жетүү үчүн пайдаланууга болбойт. Атайын динчил болуп көрүнүүгө да жол берилбейт, ал эки жүздүүлүккө барабар келет. Эсиңерге салып коеюн, бийлик — жашоонун башкы максаты эмес, ал жөнөкөй элдин турмушун оңдоого аракеттенүүдөгү каражат гана болуп саналат. Добушуңарды сатпагыла, Кудай пара бергенди да, пара алганды да каргап койгон, добуш сатуу жана сатып алуу — өтө чоң күнөө», — деди Кадыр Маликов.



