Кыргызстанда өткөн суткада коронавирусту 275 бейтап жеңсе, кайра 101 адам аны илээштирип алды

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирусту 275 бейтап жеңсе, кайра 101 адам аны илештирип алды. Бул тууралуу республиканын башкы санитардык врачы, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен жана пневмониядан сакайып чыккандар:
Бишкек — 115;
Ош шаары — 12;
Чүй облусу — 17;
Ош облусу — 23;
Талас облусу — 15;
Нарын облусу — 8;
Ысык-Көл облусу — 24;
Жалал-Абад облусу — 28;
Баткен облусу — 33.
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандар:
Бишкек — 32;
Ош — 1;
Чүй облусу — 7;
Ош облусу — 10;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу — 18;
Жалал-Абад облусу — 16;
Баткен облусу — 8.
Бүгүнкү күнгө чейин 43 миң 459 кишиге жетти.Кыргызстан боюнча стационарда 854 бейтап дарыланып жатат. Ал эми амбулатордук дарыланууда 4680 бейтап бар экени айтылды.
Акыркы суткада каза тапкандар жок. Эки медик жуктуруп алганы аныкталды.



