Окуялар
Бишкекте 78 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды

Бишкектеги батирлердин биринен 78 жаштагы кемпирдин сөөгү табылгандыгын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, көз жумган кемпирдин сөөгү кечээ, 27-августта, 7-кичи райондогу №18 үйдүн бириндеги батирден табылган. Куткаруучулар үйдүн бекилип калган эшигин ачканда көрүп калышкан.
Маркумду ӨКМ кызматкерлери милицияга өткөрүп берилгени айтылды.



