Турсунбай Бакир уулу менен Адахам Мадумаровдун чыры чыңалып баратат

Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстандын” БШКга өткөргөн тизмесинен ыргып калганына эки күндөн бери катуу чычалоодо.
Какаганга муштаган болуп улгайган адамдардын жоон тобу Адахамга кошулушту эле, бир жума өтүп-өтпөй, уруш-талаш, ызы-чуу менен четинен партиянын катарынан чыгып жатышат.
Мына эми Бакир уулу дагы маалымат жыйын берип, таарынычын ар бир сайылган үтүктөн айтып жаткан чагы.
“Болгону ал (Мадумаров) мени жана ЭрК партиябызды сыйлабаса да өзүнүн партиясынын мүчөлөрүн жана курултайда кабыл алынган алардын чечимин сыйласын — «Бүтүн Кыргызстан» партиянын курултайы бекиткен тизмени БШКга өткөрсүн! Эмне үчүн 3-4 киши партиянын курултайынын чечимин оңдоп, өзгөртүп салган тизмени БШКга өткөрүп салат?! Курултай — ар бир саясий партиянын жогорку жетектөө органы болуп эсептелет! Партиянын лидери да баш ийүүсү абзел! Маселе өзүнүн партиясынын курултайынын чечимине жана мыйзамга баш ийүүдө!
Эмне үчүн менин укугумду жана ЭрК партиясынын укугун тебелеп кетсе да мен унчукпай коюшум керектигин эч болбосо эки себебин айткылачы?! Идеологиясы бар ар бир саясий партия беш жылда бир келе турган парламенттик шайлоону күтөт — шайлоого катышпаса программасы ишке ашпайт. Ал үмүтүнөн бириккен саясий партия ажыратып койсо, эмне деш керек эле? Болгону, бириккен саясий партиялар бири-бирине берген сөзүнө туруш керек болчу. ЭрК партиясы сөзүнө туруп келип жаткан. Сөзүнө турбаган «Бүтүн Кыргызстандын» лидери болуп жатпайбы?”, — деп Турсунбай Бакир уулу күйбөгөн жери күл болуп, эми сотко берем деп туру.
Турсунай Бакир уулу да кызык, Адахамга кошулуп жатканда анын кандай экенин билген эмес беле? Анын өзүмчүлдүгү, текебердиги, менменсинген мүнөзү үчүн бир да шайлоодон ийгиликке жете албай келе жатканын түшүнүшпөйбү?



