Коом

Иш берүүчүлөрдүн буйрутмаларынын негизинде кабыл алуу планын түзүүчү колледждердин саны көбөйүүдө

Кыргызстанда педагогикалык, медициналык адистиктер, транспорт, маданият жана искусство, дене тарбия  жаатындагы адистиктер боюнча адистерди максаттуу даярдоого карата иш берүүчүлөрдүн буйрутмаларынын негизинде кабыл алуу планын түзүүчү орто кесиптик билим берүү уюмдарынын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, 2012-жылы билим берүү уюмдарынын 10% гана мындай кабыл алуу планын түзүп келген, 2014-жылы – 21%, ал эми 2018-жылы – 32,4% түзөт.

Бир эле учурда беш жылдын ичинде өлкөдө орто кесиптик билим берүү уюмдарынын тармагынын 131ден 148ге чейин көбөйүшү байкалууда. Өсүү жеке билим берүүнүн өнүгүүсүнүн эсебинен болууда, бүгүнкү күндө колледждердин жалпы санынын 23% түзөт.

Жалпысынан орто кесиптик билим берүү системасы менен азыркы учурда Кыргызстанда дээрлик 91 миң студент камтылган.

Акыркы 5 жылдын ичинде орто кесиптик билим берүү уюмдарына жыл сайын 4,5 миң бюджеттик орун бөлүнөт. Контракттык негизде билим алгандардын үлүшү 87% түзөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button