Саясат

“Кыргызстан” партиясы БШКнын чечимин соттон утуп алды

Бүгүн 27-августта Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы жазган арызын толугу менен канааттандырды.

“Сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. Биз эми шайлоого катышабыз”,- деди Талант Мамытов.

Сотто судья Чолпон Досмамбетованын төрагалыгы алдында “Кыргызстан” партиясынын БШКнын документтерин кайтарып берүү жана Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого каттоодон баш тартуу боюнча доо арызы каралды.

“Кыргызстан” партиясынын тарапташтары сыртта кол чаап кыйкырык сүрөөн менен куттукташты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button