Коом

Кайра көбөйүп жатат! Бир суткада 7 медик коронавирус илештирип алды

Бир сутка ичинде жети медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин COVID жуктурган медиктердин саны азайып бараткан.

Бир суткада коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери:

Бишкек шаары — 1;
Чүй облусу — 1;
Баткен облусу — 2;
Жалал-Абад облусу — 3.
Ошол эле учурда ооруканада дарыланып жаткан ак халатчандардын ичинен өткөн суткада төртөө айыгып чыккан. Ал эми үй карантининен 11 медик сакайган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасынан 3 123 учур катталып, анын 2 424ү жакшы болуп чыккан.



Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button