Окуялар
Кыргызстанда бир суткада 7 өрт чыкты

Кыргызстандын аймагында акыркы сутканын ичинде 7 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 28-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Бишкектин Күрөңкеев көчөсүнүн №64 дарегиндеги мончонун 25 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Өрттүн себеби такталып жатат.



