Саясат

Эки жүздүүлүктүн жеткен чеги же эл аралык укуктагы кош стандарттуулук

Сөз менен иш айкалышпаганда

Эл аралык укук жаатында бир мыкты документ бар. Аны мындан туура 40 жыл мурун Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 1970-жылдын октябрында кабыл алган. Ал Эл аралык укуктун принциптери жөнүндө декларация деп аталат.

Анда “бардык эл эркин, тышкы кийлигишүүлөрсүз өзүнүн саясий макамын аныктайт, өзүнүн экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүн ишке ашырат жана ар бир мамлекет бул укукту сыйлоого милдеттүү” деп так кесе айтылат.

Башкача айтканда, чет өлкөлөрдөн эч ким Кыргызстанга кандай мыйзамдарды кабыл алышы керек же кандай мыйзамдарды кабыл албашы керек деп көрсөтмө берүүгө укугу жок. Бирок бул теорияда же кагазда гана белгиленген ченем болуп калды. Иш жүзүндө ар кандай эл аралык түзүмдөр менен уюмдар Кыргызстандан алардын демөөрчүлөрүн канааттандырбаган тигил же бул мыйзамды четке кагууну талап кылып гана келишүүдө.

Алар андай талаптарын адам укуктары менен байланыштырышат. Андай болсо дагы бир демократиялык баалуулук болгон өзүн-өзү аныктоо, таануу, өз алдынча өнүгүү укугу кандай болуп калат? Бул баалуулуктардын кайсынысы өтө баалуу?

СССРдин кыйрашынын биринчи күнүнөн бери Кыргызстандын өзүн аныктоосуна, таануусуна болгон укугун бузууну каалоочулар жок эмес. Апрелдин соңунда бул “каалоочулар клубуна” дароо төрт эл аралык уюм кошулду. Алар — “Демократия үчүн Европалык өнөктөштүк”, “Жергиликтүү демократиянын европа ассоциациясы” (ALDA), “Артикль-19” жана “Демократия үчүн Вестминстердик фонд”.

Бул төртөөнүн алгачкы экөө Европа Бирлигинин атынан чыгып жатса, кийинки экөөндө Британия “пропискасы” бар. Бул кызыктуу төрт компаниянын бешинчи жергиликтүү катышуучусу да бар – “Институт медиа полиси” деген.

Бул уюмдар “Медиа диалог” аттуу долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гранттык сынак жарыялашты.

Гранттардын максималдуу бюджети – 30 миң евро, минималдуу бюджети болсо — 15 миң доллар. Долбоор 2021-жылдын ортосуна чейин созулат.

Долбоорго азыртан эле Кыргызстанда белгилүү эки маалымат агенттиги, ошондой эле Salam Media (Баткендеги “Салам” радиосу) жана Бишкек шаардык телеканал ТV1KG катышып жатат.

КӨШӨГӨ АРТЫНДА КИМДЕР БАР?

Жогоруда айтылган, көз карандысыз делген “Артикль-19” уюмунун демөөрчүлөрүнүн тизмесине баш багып көрөлү. Анда Өнүктүрүү жаатында эл аралык кызматташтыктын швед башкармалыгы, Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги, Билл жана Мелинда Гейтс фонду, Форд фонду, Норвегиядан Фрит Орд фонду, Америкадан Уильям жана Флора Хьюлетт кайрымдуулук фонду, ошондой эле Жорж Соростун “Ачык коом” фонду (мунсуз кантип болсун) бар.

Ал эми “Демократия үчүн Вестминстердик фонд” уюму өзүн көз карандысыз уюм катары тааныштырат. Ошол эле маалда бул фонд өздөрүн ошол эле Улуу Британиянын эки мамлекеттик ведомствосу – Тышкы иштер жана шериктештик иштери министрлиги жана жогоруда айтылган Эл аралык өнүктүрүү министрлиги колдоорун жашырбайт.

Бул албетте Британия мамлекеттик органдарынын кимди колдоору боюнча ички иштери. Бирок анда эмне үчүн “Демократия үчүн Вестминстердик фонд” уюму менен “Артикль-19” уюму өздөрүн көз карандысыз деп аташат?

Эми келип алып “Медиа диалог” долбоорунун бул жана башка катышуучулары кыргызстандыктарга Кыргызстанда кабыл алынып жаткан мыйзамдары эмнеси менен зыян экени тууралуу айтып жатышат.

Жакында эле чет өлкөлүк уюмдар менен алардын бул жактагы кардарлары — НПОчулар менен айрым ЖМКлар эки өтө маанилүү мыйзамды жок кылууга жетишти. Анткени ал мыйзамдар Кыргызстанды тыштан башкарууга аябай тоскоол болмок. Бул “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” жана коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугу мыйзам долбоорлору эле.

Эми чабуул жасаганга жаңы максаттар байкала баштады. Кыргызстан парламенти каникулга чыгардын астында Кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдарга 148 түзөтүү киргизген мыйзам долбоорлорунун пакетин кабыл алышкан эле. Азыр бул мыйзамдардын пакети Мамлекет башчысынын кол коюусунда турат. Эми “Медиа диалог” ачыктан-ачык эле Президентке басым жасоо аракети менен маалымат кампаниясын уюштуруп, аталган түзөтүүлөр кирген мыйзамдарга кол коюуну үзгүлтүккө учуратуу максатын ишке ашыра албай жанталашууда. Мындай аракет менен чабуул жасагандарды эл аралык укук коргоо уюмдарынын сунуштамалары менен жаңы жагдайлар боюнча кылмыш иши кайра каралышы мүмкүн деген ченемдин КР Кылмыш-процессуалдык кодексинен алып салынышы тынчсыздандырып жатат.

Мунун аркасында чоң оюндар жатат. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанга өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгарып, ага карата соттук чечимдин баарын адилетсиз болгон деп таанууну сунуштаган. Ошондо бийликтегилер Кыргызстандын конституциясындагы нормалардын эл аралык уюмдардын чечимдерине баш ийүүсү республиканын көз карандысыздыгына, эгемендигине доо кетирерин ойлонушту. Ошол эле жылы референдум аркылуу Баш мыйзамга түзөтүү киргизилип, эл аралык укуктун улуттук мыйзамдарга үстөмдүк кылуусуна чекит коюлду.

Ошентип Жогорку Кеңеш Кылмыш-процессуалдык кодексти Конституцияга шайкеш келтирсе, баягылар “Кыргызстандыктарды адилеттүүлүккө болгон укугунан ажыратып жатышат!”, “Бул өлкөнүн имиджине доо кетирет жана Кыргызстанды ишенимсиз өнөктөшкө айлантат!” деп кезектеги чууну көтөрүп чыгышты.

Балким буларда чындыктын кандайдыр бир үлүшү болушу мүмкүн. Бирок маселе башкада да. Маселе чет элдик уюмдар башка өлкөнүн мыйзамдарын сындоого акча төлөп, каржылап жатканында да. Бул ошол өлкөнүн ички иштерине түздөн-түз кийлигишүү болуп саналат. Башкача айтканда, бул өлкөнүн өзүн-өзү таануу, калыптандыруу, өнүктүрүү укугу бузулуп жатат.

Британия Кыргызстанда кабыл алынып жаткан мыйзамдарды сындоону каржылап жатканда британдыктар өздөрү кандай мыйзамдарды кабыл алып жатканы кызык эмеспи?

Кечээ жакында эле, 26-июлда, Британиядагы “Daily Mail” гезити Улуубританиянын премьер-министри Борис Жонсондун орус жана кытай коркунучтарынан коргоо үчүн шпионаж жана мамлекетке чыккынчылык жөнүндө жаңы мыйзамдарды кабыл алууну пландап жатканын билдирди. 

“Мамлекетке чыккынчылык кылуу жөнүндө” жаңы мыйзамга башка мамлекетке же уюмга берилгендигине ант берген жана Улуубританияга кирген же өлкөдө жүргөн ар бир жаран туш болушу мүмкүн”, — деп белгиленет басылмада.

Ал эми шпионаж жөнүндө жаңыртылган мыйзам менен Улуубританияда иштеп жаткан чет өлкөлүк агенттердин реестрин түзүү мерчемделип жатат. Документте ошондой эле мамлекеттин душмандарына жардам берген британдыктардын аракетине дагы бөгөт коюлары белгиленген.

Бул жерден жергиликтүү укук коргоочулардын “КРдагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кандай гана ызы-чуу чыгарышканын эстеп көрөлү.

Бир ай өттү Кыргызстандагы укук коргоочулардын бири дагы британ өкмөтүнүн демилгелерине нааразы болуп, ызы-чуу чыгарган жок. Ошол эле маалда аларды Россияда, Казакстанда, Беларуста эмне болуп жатканы абдан тынчсыздантырат. Эмне үчүн???

Мына кош стандарттуулук ушинтип эле ачыктан-ачык көрүнүп калат.

Мындай казустарды иликтеп көрүп, жыйынтыгында Батышта демократиялык баалуулуктар деп аталгандын баары эки жүздүүлүк экенин түшүнөсүң. Бул эл аралык укукка дагы тиешелүү.

Үч жыл мурун БУУдагы АКШнын туруктуу өкүлү Никки Хейли өз өлкөсүн – Американы дүйнөнүн ыйман-ынсабы, уяты деп жар салган. Ал Американын бул ролду аткаруудан баш тартпастыгын билдирип, жеке өзү болсо америкалык баалуулуктарды алга жылдыруу үчүн БУУну “натыйжалуу инструментке” айлантууну пландаштырып жатканын айткан.

ТҮРКҮН ТҮСТҮҮ ДҮЙНӨ ЖЕ ТҮСТҮҮ РЕВОЛЮЦИЯЛАР

Мындай калыпка салынып калган иш-аракеттерге азырынча каршылык көрсөтүү деле жок, мындан ары деле жакынкы жылдарга боло койбойт. Себеби алар ушунчалык тамырлап, жайылып алган. Ал эми эл аралык мамилелер тууралуу айта турган болсок, анда биз иш жүзүндө кош стандарттуулук алардын ажырагыс бир бөлүгү экенин көрөбүз.

Дайыма байкоо жүргүзүп келгендерге батыштын айтканы менен кылганы дал келбестиги билинет. Өзүлөрү кан какшап айтып келген демократиялык баалуулук деген чындыгында иш жүзүндө жок түшүнүк. Төрт мамлекеттин: АКШ, Британия, Германия жана Франциянын стратегиялык кызыкчылыктары гана бар!

Бир мисал: 2014-жылы АКШнын мамкатчысы Жон Керри Тайланддагы мамлекеттик төңкөрүштү сынга алган. Бирок бир жагынан Украинадагы ушундай эле төңкөрүштү кош колдоп, АКШнын мыйзамы боюнча төңкөрүш болуп өткөн өлкөлөргө аскердик жардам көрсөтүүгө тыюу салынганына карабастан, азырга чейин аскердик курал-жарак жагынан жардамын аябай келишет.

Мындай эки жүздүүлүк америкалыктардын өзүлөрүн да барган сайын иренжитип баратат. Америкалык журналист, публицист Уэйн Мэдсон 6 жыл мурун эле мындай деп жазган: “Жон Керри Америка дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан көптөгөн түстүү революцияларга колдоо көрсөткөн жок деп билдирди. Мамкатчы мырзаны Вашингтон тарабынан даярдалган Слободан Милошевичти тактан кулаткан мезгилден тартып 64 түстүү карандаштай болгон ар бир революцияга жиберүү керек”.

Сөз эркиндиги көйгөйүнө келгенде дагы ушундай эле маселе турат. Батыштын үлкөн төрт өлкөсүнүн көз карашын карманып, сөзүн сөз дегендер гана эркин сүйлөй алышат, ал эми өз көз карашы бар, өз принциптери барлар эркин сүйлөө укугуна, иш жүзүндө, ээ эмес. Демек, мындан Батыш өз жарандарын гана эмес, башкаларды да маалыматтык вакуумда кармагысы келгенин түшүнсөк болот.

Ошентип эл аралык укук деген түшүнүктү кайрадан олуттуу мамиле менен карап чыкпаса, дүйнө “өз” жана “токолдун балдарынан — бөтөндөрдөн” туруп, “карышкыр” болуп калган мамлекеттер “демократиялык камкордук” деген жомокко таянып алып, Кыргызстанга окшогон “начарларга” үстөмдүгүн жүргүзүүнү уланта берет.

“Дело№” гезитинен которулду

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button