Дүйнө

Ванганын айтканы эми келдиби, же аны бурмалоонун кажети канча?

Соцжеледе Ванганын ушул жылга карата жаңы көзү ачыктыгы тарады. Анда болгариялык көзү ачык 2020-жылы «дүйнө хаоско тушугат» деген. Орустар Ванганын бул айтканын дароо эле Белоруссиядагы ызы-чууга байланыштырып жатышат, «балким Белоруссиядагы окуялар хаостун башталышы гана болушу ыктымал» деп. Бул тууралуу directadvert.ru жазып чыкты.

Абай салсак, Ванганын айтканы Белоруссиядагы окуяларга эмес, азыр дүйнөнү каптап аткан пандемия хаосу тууралуу болушу толук ыктымал. Дүйнөнүн бир паста, дайыма өкүм сүрүп келген көнүмүш ритмден чыгып кетиши — хаос эмей эмне. Болгондо да, 2020-жылы болуп жаткан окуя да. Демек, Ванганын айтканы локалдуу — Белоруссия гана жөнүндө эмес, глобалдуу — бүт дүйнө жөнүндө.

Ал эми орустардын интерпретациясында Ванганын айтканынын андан аркысы мындай: Белоруссия Россиянын составына кирет деген имиш. Муну тек гана орустардын эңсөөсү деп коелу. Белоруссия Россияга кошулаары чоң күмөн жаратат. Ошондой эле орустар Индия жана Кытай менен союз түзөт экен. Андай формалдуу союз бар да — БРИК деген (Бразилия, Россия, Индия, Кытай).

2024-жылдан тартып орустар үчүн «бейкуттуктун жана жыргалчылыктын доору башталат», деген имиш Ванга. Ылайым ошондой болсун, бирок «бейкуттуктун жана жыргалчылыктын доору» жалгыз эле орустарда эмес, бүт дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да башталсын.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button