Коом
Бишкекте 19 жаштагы кызды автоунаа сүзүп кетти

Бүгүн Бишкекте автоунаа 19 жаштагы кызды сүзүп кеткендигин Кайгуул милициясынын кабарлашты.
Горький көчөсүндө болжол менен саат 9:55 чамасында Mazda Demio үлгүсүндөгү авто унаа кызды койдуруп алган.
Маалымат кызматынан жабыркаган кыз ооруканага жеткирилип, ал эми автоунаа айып короого токтотулганы айтылды. Окуянын себебин аныктоо үчүн тиешелүү бардык экспретизалар дайындалган.



