Маданият

Мирбек Атабековдун өмүр баяны

Мирбек Бообекович Атабеков 1986-жылы 11-августта Талас облусунун Талас районунун Жон-Арык айылында туулган.

Ата-энеси жана алгачкы турмуштук кадамы

Атасы Бообек Атабеков комузда кол ойнотуп черткен, пианинодо мыкты ойногон, обон созгон чыгармачыл адам. Ал Жон-Арыкта өтө кадыр-барктуу болгон, 25 жашында Таластын маданият бөлүмүн жетектеген. Мирбек эки жашка чыгып калганда атасы Бообек жол кырсыгынан каза тапкан. Кийин 2010-жылы Таластын маданият үйүнө Бообек Атабековдун аты ыйгарылган.

Атадан эрте калган  Мирбекти апасы Даткайым Атабекова өзү тарбиялаган. Мирбектин өзүнөн кийин Нурбек деген иниси жана Нурайым деген карындашы бар.

Кичинекей Мирбек.

Атасынан эрте ажыраган Мирбек тез эле эс тартып, өспүрүм чагынан кой союп, сантехниканы, электричествону оңдоп, үйдүн иштерин жасай билген.

Мирбек 6-класска чейин Жон-Арыкта окуган. Андан кийин үй-бүлөөсү Бишкекке көчүп кетишкен.

Бишкекте Мирбек №67-гимназияда окуп билим ала баштаган. Ал мектепте жакшы окуса дагы, анын дитин бүтүндөй бойдон чыгармачылык ээлеген. Бала чагынан эле өздүк көркөм чыгармачылыгына катышып, конкурстарда, майрамдарда ырдап жүргөн.

9-класстан тартып Мирбек Атабеков Бишкектин кафелеринде жана ресторандарында ырдай баштаган. Бишкек гуманитардык (азыр мамлекеттик – ред.) К. Карасев атындагы университеттин  экономика факультетине тапшыргандан кийин дагы сахнаны таштаган эмес. Бирок, үй-бүлөөсүнө негизги кирешени алып келгенине карабастан, биртоп жылдар боюу  ырчылыкты хобби катары гана кабыл алган. Ошол жылдары коомдук канал уюштурган «Поющий город» долбооруна катышып, финалга өткөндөн кийин гана, профессионал артист болооруна көзү толук жеткен.

Жеке жашоосу

Мирбек далай селкилердин жүрөгүн жаралап, кумир болсо дагы 28 жашына чейин үйлөнгөн эмес. 2014-жылы жазында гана арзыган сүйүктүүсү Мээрим Төлепбергенге расмий баш кошкон. Мирбек менен Мээримдин тоюу бир нече айга созулган.  2013 –жылы декабрда жаш жубайлар кыз узатуу салтына ылайык той башын башташкан.

Мирбек менен Мээрим.

Мирбектин тун уулу Адам 2015-жылы жарык дүйнөгө келсе, экинчи баласы Ыйман 2018-жылы туулган. Ал эми кичүү кызы Сүйүү 2020-жылдын февраль айында төрөлгөн.

Мирбек бир ирээтки интервьюсунда: «Менин балдарым айылда өсүшүн каалайм, анткени айылдыктар менен шаардыктардын айрырмасы өтө чоң. Цивилизациядан алыс өскөн балдар күчтүү жана чыдамкай, а шаардын балдары эрктүү, чыдамы жок жана сезимтал келишет», деген. Бирок, ырчынын каалоосундай болбой, балдары Нью-Йоркто өсүп, тарбия алып жатышат.

Чыгармачылыгы

2004-жылы Мирбек жашоо-турмушунда чоң бурулуш жасайт. Ушул мезгилден тартып ал чыгармачылыкка биротоло баш коет. Чоң сахнага кадам таштап, «Санат» тобуна кирет. Бул топто ырчылар Ильяз Абдразаков менен Азиз Жетигенов да ырдашкан.  

2006-жылдан тартып ушул күнгө чейин Мирбек продюсер Канат Култаев менен иштешип келе жатат.

2007 —жылы Мирбек «Сени гана» аттуу ырына видеоклибин чыгарат. Ыр хитке айланат. Ошондон тартып Атабеков, бүтүндөй Кыргызстанга таанымал, сүйүктүү ырчысына айланган.  

2014 — жылы комедиялык жанрдагы «Талисман» тасмасына тартылган.

2010 —жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын алган.

2016 —жылы «КРдин Эмгек сиңирген артисти» наамына татыган.

2018 —жылы жеке продюсерлик борборун ачкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button