Коронавирус жана балдар. Психологдор кандай кеңеш берет?

COVID-19 сыяктуу инфекциялык илдеттер балдар чоңоюп жаткан чөйрөгө олуттуу таасир этиши мүмкүн. Үй-бүлөдөн алыстоо, достук мамиленин солгундашы жана жашоо тартибинин бузулушу балдардын чоңоюшун жана аларды коргоого кооптуу кырдаалды жаратат.
Психологдордун айтымында, COVID-19 илдетине байланыштуу кодулоо айрыкча балдарга психосоциалдык жактан басым көрсөтүшү мүмкүн. Мындай учурда жакындары жана ата-энелер кандай аракеттерди жасашы керек? Бул боюнча психолог Альбина Максатбекова төмөндөгүлөрдү айтып берди.
-Коронавирус жөнүндө балдар эмнени билиши керек?
-Таажы вирусу жөнүндө балдарга чындыкты айтуу туура. Бала менен коронавирус жөнүндө кенен сүйлөшүп, бул маселе ар бир үй-бүлөгө тиешеси бар экенин түшүндүрүү керек. Сиз, балаңыз же жакындарыңыз бул илдет менен ооруп калышы мүмкүндүгүн жана ооруканага жатып дарылануу кадыресе көрүнүш экенин айтуу кажет. Өзгөчө кооптуу кырдаал түзүлүп калса, адам каза болуп калышы мүмкүн экендигин да ачык айтуу туура болот. Ата-эненин бир гана милдети – кырдаалды жеңүүдө балдарга жардам берүү.
-Кантип жардам берүү керек?
-Түрдүү оюндар аркылуу баланын башынан өткөрүп жаткан эмоцияларын таанып-билүү керек. Мында, негизгиси өспүрүмдүн коронавирус жөнүндө алган маалыматын тактоо маанилүү. Анын эмне билерин жана эмнени чындык деп эсептерин билүү зарыл. Маселени кабыргасынан коюп, баланын оюн туура жакка багыттап, ишенимдүү булактарга таянып, бардык суроолордун жообун биргеликте издөө керек.
Ата-энеси же жакындары коронавирус менен ооруган балдар өз теңтуштары тарабынан моралдык кысымга алынышы мүмкүн. Мындай учурда ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн жардамына муктаж болот. Анын бул зомбулукка тиешеси жок экендигине ынандыруу маанилүү. Кандай кырдаал болбосун, дайыма жакындары тараптан колдоо болорун билип, туюп турушу абзел.
Пандемия учурунда балдардын да жоопкерчилиги чоң мааниге ээ экендигин айтыш керек. Инфекциянын жайылышын токтотуу чараларын түшүндүрүп, пандемиянын эпкинин басаңдатууда балдардын аракети маанилүү экенин ырастоо зарыл.
-Балдарга улуулардын маанайы кандай таасир берет?
-Коронавирус күчөп турган учурда улуулар да стресске кабылышат. Алардын көңүлүнүн чөгүшү, тынчсыздануусу балдарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, терс эмоцияларды өспүрүмдөр менен бөлүшпөө туура болот.
-Терс ойлордон алаксуу үчүн эмне кылуу керек?
-Бул мезгилде үй-бүлө мүчөлөрүнүн муктаждыктары жөнүндө билип туруу зарыл. Кимге кандай жардам жана колдоо керектигин туюп, бул маселени ачык талкуулап, өз ара макулдашып алган оң.
Узак мөөнөткө пландарды түзүү да жакшы жыйынтык берет. Бул учурдагы кыйынчылыктарга эмес, алдыдагы боло турчу жакшы нерселер жөнүндө ойлонууга түрткү болуп, терс ойлордон алаксытат.
Сезимдерге өзгөчө көңүл буруп, үй-бүлөнүн руханий абалын көзөмөлгө алуу маанилүү.
-Жакында аралыктан окуу башталат. Мында үй-бүлөдөгү абал мындан да чыңалуусу турган иш. Ата-эне баланын окуудагы жетишкендигине кантип салым кошо алат?
— Абдан актуалдуу маселе. Эң эле биринчи ата-энелер дүрбөлөңгө түшпөш керек. Мугалим тарабынан берилген ар бир тапшырмага ашыкча тынчсыздануу дагы болбойт.
Аралыктан окууда балага эмес, ата-энеге ыңгайлуу окуу ыкмасын тандап алуу туура. Ал эми окуучуга сабакты түшүндүрүү жолдорун аны менен биргеликте чечип алуу керек болот. Кээ бир балдар алгач теорияны угуп, андан кийин талкуулагысы келсе, айрымдарга өз алдынча окуу ыңгайлуу. Ошондуктан, бардык варианттарды карап көрүү керек.
Үйдө окуганда сабактын убактысы да чоң роль ойнойт. Күндүн кайсы учуру ыңгайлуу болсо, ошондо гана окугула. Сабактын узактыгын да биргеликте аныктап алган оң.
-Үйдө окуганда күн тартибин кантип түзүп алуу керек?
-Бул да маанилүү маселе, анткени үйдө болгондо балдар өздөрүн эс алууда жүргөндөй сезишет. Ошондуктан, ата-энелер күн тартибине өзгөчө көңүл буруп, режимди сактап турушу кажет. Эртеден кечке сабак менен алектенүүгө да болбойт, баланын ойногонго да убактысы кенен болушу керек.
-Ата-энелер дүрбөлөңгө түшпөш үчүн эмне кылышы зарыл?
-Балдарды окутуу ата-эненин эмес, мектептин милдети. Ошондуктан, ашыкча тынчсыздана бербеш керек. Ата-эненин милдети – баланы сүйүү, камкордукка алуу жана тарбиялоо. Эгерде окуу процессине кийлигишкиңиз келбесе, өзүңүздүн ишиңиз менен алек болуңуз. Балаңызга сабактардан жардам керек болсо өзү кайрылат.
Анан дагы балаңыз кандайдыр бир сабакты окубай, калтырып алган болсо ага кыжалаат болбоңуз. Мугалим баары бир материалды кайталап текшерет. Ата-энелер бала менен кошо “мыкты окуучу” болууга милдеттүү эмес.

Маектешкен Бегайым Муратбекова



