Телеалыпбаруучу Нурзат Токтосунова “Биримдик” партиясынан депутаттыка ат салышат

Кыргыз Республикасынын Боршайкому 4-октябрда өтүүчү ЖКке шайлоо боюнча документтерди кабыл алууну токтотту. 3-сентябрга чейин партиялар айрым бир өзгөрүүлөрдү гана киргизе алышат.
Эми, кайсы партиянын тизмесине кимдер киргени чекесинен белгилүү боло баштады. Маселен, “Биримдик” партиясынан талапкерлердин тизмеси толук ачыкка чыкты.
Алдыңкы он талапкердин катарында Акылбек Жамангулов (“Мегаком” компаниясынын жетекчиси), Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Талас Бегалиев, ЖКнын депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Евгения Строкова, Аида Касмалиева орун алышкан.
Ал эми экс-спикер Асылбек Жээнбеков “Биримдиктин” тизмесинде 27-орунда. Бул партиянын талапкерлеринин катарында ЖК депутаттары Марат Аманкулов, Азамат Арапбаев, Улан Примов, Айбек Алтынбеков, Бакирдин Субанбеков да бар.
“Биримдик” партиясынынын депутаттыкка талапкерленин тизмесине 76-болуп телеалыпбаруучу Нурзат Токтосунова да кирген.



